МАМЛЕКЕТТИН КООПСУЗДУГУ САКТАЛАТ
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 3-4-апрель күндөрүндө өлкөбүздүн түштүк регионуна иш сапары менен барды.
3-апрелде Баткен облусундагы Бужум аскер полигонуна келип, «Коопсуздук — 2021» жана «Калыптандыруу Түштүк — 2021» командалык-штабдык жана мобилизациялык машыгуулардын жыйынтыктоочу фазасына көз салды. Өлкөнүн коргоо министри Таалайбек Өмүралиев Мамлекет башчысына 1-апрелден 3-апрелге чейин Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарынын аймагында өткөрүлгөн машыгуулардын максаттары менен алардын жүрүшү жөнүндө маалымат берди.
МАШЫГУУЛАРДЫН МААНИСИ ЧОҢ
Садыр Жапаров машыгуунун катышуучуларынын алдында сөз сүйлөп, дүйнө жүзүндө конфликттик мүмкүнчүлүк курчуп, эл аралык терроризмдин, экстремизмдин коркунучу күчөп, трансулуттук уюшкан кылмыштуулук менен радикализмдин идеялары жайылып бара жатканын белгиледи. Мамлекет башчысы мындай шартта мамлекет[1]түүлүктү бекемдөө, коопсуздукка коркунуч туудурган көрүнүштөргө жооп кайтаруу, өлкөбүздүн аймагында жана чек аралар[1]да конфликттик мүмкүнчүлүктү төмөндөтүү боюнча кадамдарды ишке ашыруу маанилүү экендигин айтты. Коргоо министрлигинин күчү жана каражаты менен өткөрүлгөн машыгуулар республиканын аймагына мыйзамсыз кирген куралдуу топторго бөгөт коюу жана аларды жок кылуу боюнча атайын биргелешкен операция ишке ашырылды. Согуштук жана өзгөчө абал киргизилген шарттарда кырдаалды турукташтыруу боюнча тап[1]шырмалар иштелип чыкты.
ЖЫЛ САЙЫН ӨТӨТ
Машыгуулар аяктагандан кийин Президент Садыр Жапаров сөз сүйлөп, мындай иш-чаралар өлкөнүн Коргоо министрлиги тарабынан жыл сайын республиканын ар кайсы облустарында өткөрүлүп турарын билдирип, айырмаланган аскер кызматкерлерине сыйлык тапшырды. Мындан сырткары, Садыр Жапаров Коргоо министрлигинин 30-630 аскер бөлүгүнө Президенттин резервдик фондунан бөлүнгөн 600 миң сомдун сертификатын берди. Андан соң машыгуунун катышуучуларынын салтанаттуу жүрүшү болду. Иш-чарага Россия, Казакстан, Беларусь, Тажикстан, Улуу Британия, Пакистандын аскер атташелери дагы чакырылган. Садыр Жапаров аскер кызматкерлери менен талаа ашканасында түштөнүп, аскердик кызмат өтөп жаткандардын шарттарын сурап, аларды кызыктырган суроолорго жооп берди.
ӨНҮГҮҮГӨ ТҮРТКҮ БЕРЕТ
Президент 3-апрелде Кара[1]Булак айылындагы «CASA-1000» долбоору алкагында электр өткөрүүчү жогорку вольттуу мамычанын пайдубалына капсула салып, бул долбоор Кыргызстандын өнүгүшү жана гүлдөп[1]өсүшү үчүн узак жылдар бою кызмат кыла берүүсүн каалады. Ошондой эле аталган долбоорго ак батасын берген жергиликтүү тургундар жана аксакалдар менен баарлашты. Кыргыз Республикасы үчүн «CASA-1000» долбоору энергия кубаттуулуктарын жогорулатуунун жаңы барагын ачат жана бүтүндөй Борбордук жана Түштүк Азия өлкөлөрүнүн социалдык[1]экономикалык өнүгүүсүнө түрткү берет, — деп белгиледи Садыр Жапаров. Азыркы учурда Камбар-Ата-2 ГЭСинин экинчи агрегатын ишке киргизүү, Токтогул, Үч-Коргон жана Ат-Башы ГЭСтерин модернизациялоо боюнча долбоорлор ишке ашырылууда. Бул долбоорлорду аяктоо «CASA-1000» долбоорунун алкагында электр энергиясын жеткирүү боюнча милдеттенмелерди толугу менен аткарууга, ошондой эле Кыргыз Республикасынын бардык жарандарын электр энергиясы менен камсыздоого мүмкүндүк берет, экспорттоого жол ачылат”, — деди Мамлекет башчысы.
ӨНӨР ЖАЙ АЙМАГЫ
Президент Садыр Жапаров 3-апрелде Баткен облусунун Баткен шаарында өнөр жай, соода жана логистикалык аймакта жайгашкан ишканалардын курулушу боюнча долбоор менен таанышты. Мамлекет башчысына маалымдалгандай, Өкмөттүн токтомунун негизинде 172,9 гектар жер тилкеси өнөр жай аймагына берилген. Бүгүнкү күндө жаңы ишканаларды ачуу үчүн 19 жеке ишкерден арыздар келип түшкөн. Жакынкы жылдары 28 жаңы ишкана ачуу пландаштырылууда, анда эки миң[1]ден ашуун жумуш орун түзүлөт. Учурда жер тилкелери бөлүнүп берилүүдө жана текстиль фабрикасы, өрүктү кайра иштетүүчү фабрика, чакан эт комбинаты, 1000 тонна мөмө-жемиш сактоочу логистикалык борбор, таш майдалоочу цехтин курулушу жүрүп жатат. Президент жеңилдетилген ипотекалык насыянын жеткиликтүүлүгүн жана дыйкандар менен чакан жана орто ишкерлерге жеңилдетилген насыянын көлөмүн көбөйтүү маселелерин жеке көзөмөлүнө алгандыгын айтты. Жергиликтүү бийликтин көңүлүн ички инвесторлор менен ишкерлердин маселелерин чечүүдө ар тараптуу жардам көрсөтүүгө бурду.
ЭТНИКАЛЫК КЫРГЫЗДАР МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ
«Памирлик кыргыздардын кыйынчылыктары мени дайыма тынчсыздандырып келет. Аларды тарыхый Мекенине толугу менен көчүрүп келүүнү көптөн бери каалап келгем, эми ушул тилектеримди ишке ашырууга ниеттенип жатам», — деди Садыр Жапаров 4-апрелде Ош облусунун Алай районундагы Талды-Суу айылына Кичи жана Чоң Памир аймак[1]тарынан көчүп келген этникалык кыргыздар менен болгон жолугушуусунда. Талды-Суу айыл өкмөтүнөн этникалык кыргыздар үчүн турак жай курууга жер бөлүп берилген. 11 үй курулуп, аларга 17 үй-бүлө жайгаштырылып, үй-тиричилигине жана азык[1]түлүгүнө жардам көрсөтүлгөн. Мамлекет башчысы көчүрүлүп келип жайгаштыруу мерчемделип жаткан Памирде калган кыргыздарга Чоң-Алай районунун Кашка-Суу айылындагы Бурган-Суу участкасына турак жайларды куруу долбоору менен таанышты. Памирликтер үчүн бирдиктүү конушка зарыл болгон жер тилкелерин тезинен трансформациялоону айтып, конушка билим берүү жана социалдык мекемелердин курулушу сөзсүз каралышы зарылдыгын белгиледи.
Даярдаган
Азизбек ЧАМАШЕВ