Бишкектеги автобуста кыз менен мушташкан пенсионер окуянын чоо-жайын айтып берди

11-август, 2026-ж. / Редакция / Коом 405

Бишкекте №2 автобуста жаш кыз менен мушташып кеткен пенсионер окуя боюнча өзүнүн версиясын айтып чыкты.

Анын айтымында, ал кыздан автобустагы улгайган жүргүнчүлөргө орун бошотуп берүүнү гана суранган. Бир нече аялдамадан кийин башка орунга отурган. Бирок эки аялдамадан соң кыз келип, телефону менен анын ийинине түртүп, «эмне үчүн мага антип айтасың?» деп уруша баштаган.

Көп өтпөй экөөнүн ортосунда кайым айтышуу күчөп, жулмалашууга чейин жеткен.

«Мээм чайкалып, гематома болуп, кустум. Мен кызга жаман эч нерсе айткан жокмун. Кары кишилерге орун берип койчу деп гана айттым», — деди пенсионер.

Милициянын маалыматына караганда, окуя боюнча «Бейбаштык» беренеси менен кылмыш иши козголду. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

11-август, 2026-ж. / Редакция / Коом 405
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X