Тоң районуна 90 жыл: Залкарлардын изи калган өрөөндүн мааракеси
Ысык-Көлдүн Тоң району 90 жылдык мааракесин салтанаттуу белгиледи. Ага Жогорку Кеңештин Төрагасы Марлен Маматалиев катышып, аймактын тарыхы, руханий мурасы жана бүгүнкү жетишкендиктери тууралуу сөз сүйлөдү.
Мааракеде Тоң районунун 90 жылдык тарыхын, жаратылышын жана келечектеги өнүгүү багыттарын чагылдырган тасма көрсөтүлдү. Ошондой эле район элинин каада-салты, маданий мурасы жана тарыхый инсандары камтылган театрлаштырылган программа тартууланды.
Төрага Тоң жери кыргыз элинин руханий дүйнөсүнө жана мамлекеттүүлүгүнө зор салым кошкон залкар инсандарды тарбиялап чыгарганын белгиледи. Ал Тыныбек, Деңизбай, Саякбай, Мамбет, Каба сыяктуу манасчылардын «Манас» эпосун сактап, кийинки муундарга жеткирүүдөгү эмгегин өзгөчө белгиледи.
Мындан тышкары, Тоңдон чыккан мамлекеттик жана коомдук ишмерлердин, адабият, маданият, искусство жана спорт өкүлдөрүнүн эмгегине жогору баа берилди.
Маматалиев аймактарды өнүктүрүү, айылдардын инфраструктурасын жакшыртуу, социалдык объектилерди жаңылоо жана элдин жашоо сапатын жогорулатуу бүгүнкү күндө мамлекеттик саясаттын негизги багыттарынын бири экенин айтты.
Мааракелик иш-чара Жогорку Кеңештин депутаты, аталган округдун депутаты Болот Сагынаевдин колдоосу менен уюштурулуп, ага бир катар депутаттар, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, райондун тургундары жана коомчулук катышты.