Бишкекте үч автобустун каттамы убактылуу өзгөрөт

9-август, 2026-ж. / Редакция / Коом 280

Бишкекте Тоголок Молдо көчөсүнүн бир бөлүгүнүн убактылуу жабылышына байланыштуу №23, №107 жана №203 автобустарынын каттамы өзгөртүлөт.

Муниципалитеттин маалыматына ылайык, жаңы кыймыл чиймеси оңдоо иштери толук аяктаганга чейин күчүндө болот.

Жол чектөөлөрү 2026–2027-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдык көрүүнүн алкагында жылуулук тармактарын реконструкциялоо иштерине байланыштуу киргизилди.

Шаар тургундарына жана борбор калаага келген конокторго каттамдарын алдын ала пландап, убактылуу жол белгилеринин талаптарын сактоо сунушталат.

Реконструкциялоо иштеринин негизги максаты — шаарды жылуулук менен үзгүлтүксүз камсыздап, алдыдагы жылытуу мезгилинин туруктуу өтүшүн камсыз кылуу.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X