Али Токтакунов Садыр Жапаров менен кеңири маек курганын билдирди

13-август, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 268

Журналист Али Токтакунов президент Садыр Жапаров менен кеңири маек курганын билдирди.

Анын айтымында, маекте коомчулукту кызыктырган бир катар темалар көтөрүлгөн. Алардын арасында Камчыбек Ташиев, Бөлтүрүк, Сыргак, «Офис», жер ижарасы, күйүүчү май, сөз эркиндиги, инвесторлор, Кытай, тышкы карыз, «Кумтөр», темир жол жана геосаясат маселелери бар.

Ошондой эле журналист президенттен «Президенттикке кайра талапкерлигин коёсузбу?» деген суроону бергенин айтты.

Маектин толук версиясы жакын арада Али Токтакуновдун YouTube каналына жарыяланат.

13-август, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 268
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X