Автобустагы жаңжал. Окуянын экинчи катышуучусу өз версиясын айтты

13-август, 2026-ж. / Редакция / Коом 442

11-августта Бишкектеги №2 автобуста жүргүнчүлөрдүн ортосунда жаңжал чыккан. Милициянын маалыматына караганда, окуядан кийин 63 жана 34 жаштагы эки жаран милицияга жеткирилген.

Окуянын катышуучуларынын бири Кенжегүл Факирдинова SerepTV каналына өз версиясын айтып, экинчи тарап да окуя боюнча түшүндүрмө берген.

Факирдинованын айтымында, ал эки сутка иштеп, апасын ооруканага алып баруу үчүн автобуска түшкөн. Ал телефон аркылуу оорукана менен сүйлөшүп отурганда, аял келип, аны ордунан турууга чакырган.

“Чоңдор турганда уялбай отурасың” деп жаман сөздөрдү айтты. Мен оорукана менен сүйлөшүп бүткөндөн кийин жанына барып, “байкабай калыпмын, түртпөсөңүз деле турмакмын” деп түшүндүрөйүн дегем. Ошондо өзү чапкылап, чачымдан асылды, — деди ал.

Анын сөзүнө караганда, окуянын интернетке тараган видеосунда жаңжалдын толук башталышы көрсөтүлгөн эмес. Ал өзүнө карата айтылган сөздөр жана каршылаш тараптын аракеттери видеодо жок экенин белгиледи.

«Чоң кишини сыйлаш керек. Бирок чачыңдан жулуп, сокку урулуп жатса, жөн эле тура бериш керекпи? Жаштардын да укугу, намысы бар», — деди Факирдинова.

Ал окуядан кийин психологиялык жактан оор абалда калганын айтып, «уктабай, тамак иче албай жатам» деп билдирди.

Окуя боюнча милициянын иликтөөсү уланууда.

13-август, 2026-ж. / Редакция / Коом 442
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X