Гүлнара Баатырова, Жогорку Кеңештин депутаты: Үлгүлүү үй-бүлө – байлык же аброй эмес, үйдөгү ынтымак
Үлгүлүү үй-бүлө деген эмне? Аны балдардын ийгилиги, үй-бүлөнүн коомдогу кадыр-баркы же жашоо-турмушунун деңгээли менен өлчөөгө болобу? Чындыгында, үй-бүлөнүн баалуулугу сырттан көрүнгөн нерселерден эмес, анын ичиндеги мамиледен — бири-бирин
сыйлоодон, түшүнүүдөн, колдоодон жана тарбиядан көрүнөт. Көп балалуу болуу үлгүлүү үй-бүлөнүн белгисиби, баланын жетишкендигинен мурда анын кандай адам болуп калыптанышы маанилүүбү? Үй-бүлөдөгү сүйүү, сабыр жана жоопкерчиликтин орду кандай? Ушул жана үй-бүлөлүк баалуулуктарга байланышкан бир катар маанилүү маселелердин айланасында Жогорку Кеңештин депутаты Гүлнара Баатырова менен баарлаштык.
— Үлгүлүү үй-бүлө деген түшүнүктү аныктоодо эң негизги критерий эмне болушу керек?
— Менин түшүнүгүмдө, үлгүлүү үй-бүлөнүн эң негизги критерийи үй-бүлө мүчөлөрүнүн бири-бирине болгон сый-урматы, жоопкерчилиги жана мамилеси. Үй-бүлөдө ата-эне баласына жакшы үлгү көрсөтүп, балдар да бири-бирин урматтап өсүшү маанилүү. Байлык же коомдогу аброй эмес, үйдөгү ынтымак, түшүнүшүү жана тарбия биринчи орунда турушу керек.
— Үй-бүлөнүн үлгүлүүлүгүн балдардын тарбиясы жана жетишкендиктери менен гана баалоо туурабы?
— Бир гана балдардын жетишкендиги менен баалоо жетишсиз деп эсептейм. Баланын ийгилиги албетте, ата-эне үчүн чоң сыймык. Бирок, үй-бүлөнүн чыныгы баалуулугу анын балдарынын кандай кызматта иштегенинде же кандай ийгиликтерге жеткенинде гана эмес, бири-бирине жасаган мамилесинен көрүнөт. Баланын жүрөгүнө адамгерчилик, эмгекчилдик, улууну сыйлоо, кичүүнү ызааттоо сыяктуу сапаттарды сиңирүү ата-эненин эң чоң эмгеги.
— Көп балалуу үй-бүлө сөзсүз түрдө үлгүлүү үй-бүлө болуп эсептелеби же балдардын тарбиясы маанилүүбү?
— Көп балалуу болуу чоң жоопкерчилик. Бирок көп балалуу үй-бүлөнүн өзү эле автоматтык түрдө үлгүлүү дегенди билдирбейт. Мен өзүм да көп балалуу үй-бүлөдө чоңойгом. Ошондуктан бир туугандардын бири-бирине болгон мамилесинин, ата-энеге болгон сый-урматынын, аларга жардам берүүнүн, мээримдин жана ынтымактын кандай мааниге ээ экенин бала кезден көрүп өстүм. Бекем ынтымак, бекем чеп экенин өзүмдүн мисалымдан айта алам. Балдардын саны эмес, алардын кандай тарбия алып, кандай адам болуп калыптанып жатканы маанилүү.
— Үй-бүлөнүн сырттагы аброю менен анын ичиндеги чыныгы мамилеси дал келбесе, кайсынысына таянуу керек?
— Менимче, эң негизгиси үй-бүлөнүн ичиндеги чыныгы мамиле. Анткени, сырттагы абройду коом көрөт, ал эми үй-бүлөдөгү чыныгы мамилени ошол үйдүн мүчөлөрү гана билет.
Үй-бүлөдө бири-бирин угуу, түшүнүү, кечире билүү жана кыйын учурда колдоо көрсөтүү болсо – бул чоң байлык. Ошондуктан сырткы көрүнүшкө эмес, үйдөгү чыныгы баалуулуктарга басым жасоо керек.
— Үй-бүлөнү бекемдөөдө ата-энелер бүгүн эң көп кайсы баалуулуктарга көңүл бурушу керек?
— Бүгүнкү күндө ата-энелер балдарына биринчи кезекте үй-бүлөлүк баалуулуктарды, эмгекти, жоопкерчиликти жана адамгерчиликти үйрөтүшү керек деп ойлойм.
Азыр балдар маалыматты ар тараптан алышат. Ошондуктан ата-эне баласына жөн гана тыюу салбастан, аны менен сүйлөшүп, түшүндүрүп, өзүнүн жүрүм-туруму менен үлгү болушу зарыл. Бала ата-энесинин айтканынан көрө жасаганын көбүрөөк кабыл алат.
— Үй-бүлөдөгү ынтымакты сактоодо сүйүү, жоопкерчилик жана сабырдуулуктун кайсынысы чечүүчү роль ойнойт?
— Үчөөнү бири-биринен бөлүп кароого болбойт. Сүйүү болбосо жоопкерчилик да оор жүккө айланат, сабыр болбосо сүйүү да кээде сыноого туруштук бере албай калат. Менин оюмча, бул үч баалуулук бири-бирин толуктап турат. Өзгөчө көп балалуу үй-бүлөдө ар бир адам бири-бирине түшүнүү менен мамиле кылып, сабырдуу болуп, жоопкерчиликти сезиши керек. Үй-бүлөдө «мен» дегенден көрө «биз» деген түшүнүк үстөмдүк кылганда гана чыныгы ынтымак орнойт.
Чынайым Кутманалиева
P.S. Бул маек Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин “Социалдык заказ” долбоорунун алкагында “Үй-бүлө институту” темасы боюнча “Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезити тарабынан даярдалды.