"Эркин-Тоо"

Манас бир эле кыргыз элинде жаралган

Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, филология илимдеринин доктору, эл аралык Манастаануучулар ассоциациясынын президенти, манасчы Талантаалы Бакчиев менен маек
— Талантаалы мырза, “Манас” үчилтиги кандайча ЮНЕСКОго кабыл алынган? Кандай жагдайлар болгонун айтып берсеңиз?
— 2009-жылы Кытай Эл Республикасы тарабынан “Манас” эпосу кытайлык кыргыздардын атынан адамзаттын материалдык эмес маданий мурасы катары ЮНЕСКОго кабыл алынган. Ушул күндөн тартып кыргыз эли “эмне үчүн Кытай өлкөсү каттатып койду, эмнеге алар бизге кайрылган жок?” деген ар кандай суроолорду беришти. Ошол кезде алдыңкы интеллигенция өкүлдөрүнүн, 34 коомдук уюмдун башын бириктирген Кадыр Кошалиев “Манас эли” деген коомдук фонд түздү. Ал жерде коомдук, саясий ишмерлер чогулду. Фонд түзүлгөндөн кийин бака-шака түшүп, биз дагы Кыргыз Республикасынын атынан “Манас” эпосун ЮНЕСКОго киргизели деген иш-аракеттерди жүргүзө баштадык. Ошол учурда 34 коомдук уюмдун ичинен 3-4 кишини жумушчу топтун мүчөсү кылып дайындашты. Ага Рысбек Качыкеев, Каныбек Иманалиев, Адаш Токтосунова жана мен болуп кирдик. Кийин ага Бактыбек Максутов кошулду. Ошондон кийин биз ЮНЕСКОго кандай документтерди сунуштайбыз, кантип даярдайбыз деп аракет көрүп баштадык. ЮНЕСКОго кайсы гана номинацияны сунуштабайлы, ал мыйзам менен бекемделиши керек экен. Ошол себептен 2011-жылы 28-июнда “Манас эпосу жөнүндө” мыйзам кабыл алынды. Бул биздин ар тараптан жолубузду ачты. Эсте калган окуя, 2010-жылкы революция учурунда эл негедир “Манас”, “Манас!”, — деп ураан чакырып турушту. Аларга ушинтип айткыла деп эч ким үйрөткөн эмес. Ошондон улам Манас элди бириктире турган улуу күч экенин билсе болот. Кытайдын “Манас” эпосун ЮНЕСКОго каттатканы абдан жакшы болду, ал бизди козгоду, намыска келтирди. Биз Манасты унутта калтырып же такыр маани бербей келген болсок, бизге дем-күч берип, канат байлатты. Көптөгөн экономикалык, саясий кризистен улам чыккан революциянын ичинде маданий жактан “Манастын” Кытай тараптан катталганы да элдин кыжырын келтирген. Ошондон кийин биз мыйзамдын кабыл алынышын талап кылдык. Мыйзам өткөндөн кийин Кыргыз Республикасындагы ЮНЕСКОнун өкүлчүлүгү Тышкы иштер министрлигине карап тургандыктан ар кандай оош-кыйыштар болду. Бирок, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар министрлиги чоң жардам берди. 2013-жылы документтерди топтоп бүтүп, комиссия түздүк. Ошол кезде Жогорку Кеңештин депутаты болуп турган Карганбек Самаковду комиссиянын төрагасы кылып шайлап алдык. Анткени, Кыргыз Республикасы ЮНЕСКОго жылына күрөө төлөп турушу керек экен, аны төлөбөй келиптир. Андыктан, биз сураган номинацияны алар карамак эмес. Ошондон улам, бизге материалдык жактан көмөк көрсөтө турган адам керек болду. Ошол демилгени Карганбек Самаков колго алды. Ал ЮНЕСКОго болгон карыздардын баарын төлөп, анын катчылыгынан баштап ар бир мүчөсүнө чейин түшүндүрүп, аларды ынандырды. Ортодо көп талаш-тартыш чыкты. “Манас” эпосу ЮНЕСКОго катталды, болду, — дешти. Биз ойлонуп отуруп, эгер Кытай Эл Республикасы “Манас” эпосун өткөрсө, анда биз “Манас, Семетей, Сейтек” үчилтигин өткөрөлү деп чыктык. Ошондо Карганбек Самаков кыргыз элинин каалоо-тилегин чоң ашуудан өткөрүп берди. Кыргыз эли мунусу үчүн ыраазы болушубуз керек. Маселе бышып-жетилгенде Азербайжандын борбору Баку шаарында ЮНЕСКОнун кезектеги жыйыны болуп, алардын күн тартибине “Манас” эпосу коюлду. Ага бул жерден ЮНЕСКОнун, Маданият министрлигинин өкүлдөрү, кинорежиссерлор, 7 манасчы барып катыштык. Бардык каржыны Карганбек Самаков мойнуна алды. Ал тургай номинация алаардын алдында 10 мүнөттүк ошол тема жөнүндө кино тасма көрсөтүлүшү керек экен. “Манас” жөнүндө тасманы Садык Шернияз, Далмира Тилепбергенова тартышкан. Аны да Карганбек Самаков каржылаган. Ошентип, 4-декабрда кечки саат алтыда “Манас” үчилтиги кабыл алынды. Ошондогу кубанычты айтпа, айрымдары жашыды. Кубанычтуу кабар кыргыз өлкөмдө да жаңылыктардан берилип жатты. Бул элдин демин, духун көтөрө турган чоң окуя болду. Ошол күнү кечинде дасторкондо отурганда “Манас ЮНЕСКОго кабыл алынган 4-декабрды “Манас” күнү деп жарыяласак кандай болот?” деген сунушумду айтып, Карганбек Самаковго “Манас” орденин алууга сунуш бербейлиби?, — дедим. Көбү туура көрүштү.

— Силер Бакудан “Манасты” ЮНЕСКОго киргизип келгенде кандай тосуп алышты?
— Кайтып келгенде тыптынч эле үйлөрүбүзгө тарап кеттик. Ошондо саясий кырдаал туура келген эмеспи, айтор салтанат, куттуктап тосуп алуу, адамдын жан дүйнөсүн кубанта турган эч кандай иш-чара болгон жок. Керек болсо Олимпиада оюндарынан утуп келген спортчуларды тосуп алгандай тосушу керек эле. Эмнеге мамлекет спортчуларга катуу мамиле бурат дагы, руханий баалуулуктарды дүйнөлүк деңгээлге алып чыккандарга урмат-сый көрсөтпөйт? Спорт бардык өлкөдө бар, бирок “Манас” бир эле биздин өлкөдө бар да. Биз манасчылар жылда эл аралык, дүйнөлүк фестиалдарга катышып, лауреат, жеңүүчү болуп келебиз. Бир эле манасчы эмес, улуттук өнөр ээлери жеңиштерге ээ болуп келсе деле мынчалык кадырлай албай келатканыбызга таң калам. Бизде руханият биринчи орунда турушу керек.

— Манас күнү канчадан бери белгиленип келатат?
— Мен айткан сунуш көпкө чейин ачык бойдон турду. Айрымдары кышында болбойт, күз же жаз кылалы дешти. Чоң талаш-тартыш болду. Комиссиянын курамын добушка салганда көбү 4-декабрды туура көрдү. 2015-жылы 4-декабрь Манас күнү болуп белгиленсин деген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому чыкты. Бирок, токтом чыкканга чейин деле 2013-жылдан баштап 4-декабрды белгилеп, Манас айтып, иш-чараларды өткөрүп келдик. Аны негизинен “Саякбай манасчы” коомдук фонду каржылап келди. Кызык жери, биз Манасты эч бир датага байлай албайт экенбиз. Манастын туулган күнү, эпостун жаралган күнү же кыргыз качан айтып баштаганы жөнүндө эч кандай дата жок. Ошондуктан, курамына 189 мамлекет кирген ЮНЕСКОнун “Манасты” 4-декабрь кабыл алган күнү белгилеп калганыбыз туура болду.

Сымбат Максутова

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!