"Эркин-Тоо"

Манас ЖААНБАЕВ: “Адамдын жылдыз-нур планетардык моделин түздүм”

Салттуу медицинаны иликтөөчү Манас ЖААНБАЕВ

— Салттуу медицинага качан кызыга баштадыңыз?

— Мен Мединститутка окууга тапшырган алгачкы мезгилден тартып, 18 жашымдан бери эл арасында колдонулуп келген жүрөк, бөйрөк, жатын көтөргөн, киринелеген, жоймологон сыяктуу салттуу медицинаны изилдегенге абдан кызыгып келдим. Тилекке каршы, Мединституттун окуу базасында мындай программа жок экен. Кесибим акушер-гинеколог.

— Салттуу медицинаны кантип изилдедиңиз?

— Кыргыздын салттуу медицинасын окуп үйрөнүш үчүн адегенде “Манас” эпосун, философияны, элдин каада-салтын, үрп-адатын, Куранды, Чыгыш маданиятын, табият таануу илимдерин, бардыгын окуп чыгууга туура келди. Адамдын биоэнергетикалык түзүлүштөрүнүн календарын иштеп чыктым. Аны патенттеп алганмын. Улуттук илимдер академиясы бул боюнча мага жолдомосун берген. “Кыргыз дүйнө таанымынын “Манас” эпосунун космологиясындагы кыргыз дүйнө таанымынын космобиологиялык саат календарын”, апталык күн, тогоол Ай, топ жылдыз нур, мүчөл жыл календарларын түзгөмүн. Муну мен адам таануу, табият таануу, аалам таануу илимдерин иликтеп, дүйнөлүк медицинанын тарыхында биринчи жолу иштелип чыккан адамдын биоэнергетикалык түзүлүштөрүнүн жылдыз нур-планетардык модели деп атадык. Азыркы Кытайдын, Орусиянын жыл санагын изилдеген окумуштууларга караганда биздин кыргыздын дүйнө таанымы алда канча бийик, жогору экендигине бекем ынандым. Мен алты жашымдан тартып “Манас” эпосун башыма жазданып окуп жүрдүм. Манастын космология дүйнөсүнө бала кезден кызыктым. Адамдын биоэнергетикалык түзүлүштөрүн толук изилдеп бүтүш үчүн мен Кытай, Индия, Жапония, Монголия, Тибет, Корея элдеринин салттык медицинасын иликтеп чыктым. Россиянын Пульков обсерваториясында, Москва, Алма-Ата, Ташкентте билимимди өркүндөттүм. Адамдын биоэнергетикалык түзүлүштөрүн терең билиш үчүн өзүмдүн кесибим боюнча республиканын ар кайсы аймактарында дарыгер болуп иштедим. Ошондой эле салттуу медицина менен республиканын түштүк аймагында да алектендим. Бирок, бул багытта атайын кесиптик билими бар, дипломдуу кадрлар жок болгондон кийин ишти алып кетиш кыйын болот экен.

— Анда бизге медицина түшүнүгү келе электен мурда кыргыздын медицинасы такыр болгон эмес дегени турасызбы?

— Мындан 100 жыл мурдагы кыргыз медицинасынын тарыхын изилдесек, кыргыз медицинасы болгон эмес деген тыянак чыгарып коюшкан. Медицина бизде болгон. Гунндардын медицинасы биздин медицина. Мен Саламаттык сактоо, Билим берүү министрлери, Медициналык академиянын ректору менен сүйлөштүм. Буюрса, жакын арада менин изилдөөм боюнча жумуштар жанданат.

— Колуңузда көтөрүп жүргөн кандай календарь?

— Бул кыргыз календары. Ал эми экинчиси, “Манас Жаанбаевдин дүйнөлүк медициналык календарынын космограммасы 2023” деген аталыштагы календарь. Кудай буйруса, бул илимдин келечеги кең, даражасы бийик болот.

— Сиз изилдеп жүргөн кыргыздын салттуу медицинасына кесипкөй, профессионалдык медицинанын өкүлдөрү кандай карап жатат? Алар муну жериген жокпу?

— Советтик медицина адамдын дене ооруларын гана изилдеп, дарылайт. Аларды дарыгертехнократтар деп атап коебуз. Алар дарыны берет, скальпелди алып кесип, операция жасайт. Алганын алып, кошконун кошуп коет. А биздики рухий-этногендик медицина. Адамдын жан-дүйнөсүнүн, рухунун биоэнергетикалык түзүлүштөрүнүн календары болуп саналат.

— Илгери кыргыздар оорулуу адамдарды ысыкчан, же суукчан деп экиге гана бөлүп келишкен. Ошого жараша мүнөздөп тамак берип, дарылашкан. Азыр эми оорунун сан миң түрү чыкты.

— Азыркы медицинада сиз айтып жаткан ысыкчан, суукчан деген түшүнүк таптакыр жок. Дегеле ар бир адам бул жарык дүйнөгө төрөлгөндө анын мүнөзү нур кайып, жер кайып, жел кайып, суу кайып менен тыгыз байланышта болот. Мисалы, өткөн жыл суу белгисиндеги арстан жылы болду. Суу белгисиндеги жылы адамдын табияты кандай болот? Бул багытта мен Ибн Синанын, Кытайдын медицинасын кеңири изилдеп чыктым.

— Кандай жыйынтыкка келдиңиз?

— Азыр биз дарыгерлерди бир тараптуу гана даярдап жатабыз. Ошол үчүн медициналык окуу жайларда салттуу медицина кафедрасын, факультетин ачыш керек. Мен гунндардын, сактардын, арийлердин салттуу медицинасын да кошо иликтеп келе жатам. Кыргыз медицинасынын эбегейсиз санжыра тарыхы бар. 30 жылдан бери академиктер Аширалы Зурдинов, Миталип Мамытовдорго ушул маселени айтып келдим. Алар да колдон келген жардамын көрсөтүп келишти.

Өмүрбек ТИЛЛЕБАЕВ
«Эркин-Тоо» гезити
2023-жылдын 27-январы

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!