Манаста 2,5 млн долларлык завод ишке кирди

5-ноябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 78

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын алкагында Манас шаарында металл конструкцияларын өндүрүүчү «Металлстрой» заводунун ачылышына катышты.

Ачылыш аземинде сөз сүйлөп жатып, МинКаб Төрагасы өлкөдө курулуш тармагы жогорку ыргак менен өнүгүп жатканын, бул өз кезегинде курулуш материалдарына жана металл конструкцияларына болгон суроо-талапты күчөтүп жатканын белгиледи.

Заводго 2,5 млн доллар жеке инвестиция жумшалган. Биринчи жылы 1400 тонна металл конструкциясын өндүрүү пландалууда. Ишканада 50 жаңы жумуш орду түзүлөт. Заводго лазердик кесүүчү жана фрезерлөөчү заманбап жабдуулар орнотулган.

«Мындай ишканалар импортко көз карандылыкты азайтып, өлкө ичинде кошумча нарк түзүүгө өбөлгө болот», – деди Адылбек Касымалиев.

Жыйынтыгында МинКаб Төрагасы «Металлстрой» заводу Манас шаарынын жана өлкөнүн курулуш тармагын жергиликтүү продукция менен камсыздоодо маанилүү роль ойной турганына, алдыда өндүрүштү кеңейтип, экспортту көбөйтүүгө салым кошооруна ишеним билдирди.

5-ноябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 78
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X