"Эркин-Тоо"

“Марал” радиосуна 10 жыл!

 

Кыргызстандын медиа айдыңында 10 жылдан бери обого чыгып келе жаткан “Марал” радиосу бүгүн 10 жылдыгын белгилеп жатат. Салтанаттуу иш-чара Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өтмөкчү.

Бул маанилүү дата тууралуу “Марал” радиосунун башкы редактору Түмөнбай Абдинаби уулу төмөнкүлөрдү билдирди:

“10 жыл айтканга оңой болгону менен биз үчүн өзүнчө тарых, өзгөчө мөөнөт болду. Коомчулукка туура, так маалымат берип, адамдардын ишенимдүү маалымат булагына айлангыбыз келчү. Элибиздин улуттук, адамдык баалуулуктарынын бекемделишине салым кошуп, адамдардын коомдук-экономикалык, социалдык, маданий түшүнүктөрүн калыптандырган медиа болуу кыялыбыз ишке аша баштады.

Алгач Ош шаарында обого чыгып, анан Кыргызстандын бардык аймагына жеттик. Кыргыз медиа айдыңында “Марал” деген бренд пайда болуп, коомчулуктун ишенимдүү маалымат булагына айландык. Коомдогу ар кайсы катмарынын үнү болуп, баарына бирдей аянтча түзө алганыбыз, бейтарап принцибин карманганыбыз бизди өзгөчөлөнттү.

Ишибиз алгач радио аркылуу гана башталган болсо, убакыттын өтүшү менен сайтыбызды ишке киргиздик. Андан кийин жаңы платформа катары “Марал” телеканалы да обого чыгып, өз көрөрмандарын таап келүүдө. Алыста жүргөн мекендештерибизге да жеткиликтүү болуп, интернет колдонуучуларына ыңгайлуу болуусу үчүн онлайн тиркемебизди чыгардык.

Бул биз үчүн улуу сапардын башталышы. Келечекке койгон көптөгөн пландарыбыз бар. Ар бир адамдын турмушуна оң таасир берип, коомдун, өлкөнүн өнүгүүсүнө өбөлгө болгон ата мекендик медиа-бренд бойдон калгыбыз келет”, – деп билдирди.

Белгилей кетсек, “Марал” теле-радиокомпаниясы 2010-жылы Юстиция министрлигинен каттоодон өткөн. Ал эми 2011-жылдын 11-декабрында компаниянын алдында “Марал” радиосу түзүлүп эфирге чыккан.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!