Маратбек Акназаров Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигине караштуу Мамлекеттик экспертиза департаментинин директору болуп дайындалды.
Тиешелүү буйрукка Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.
Акназаров буга чейин Ош облусунун капиталдык курулуш башкармасынын жетекчиси кызматын аркалап келген.