КР Саламаттыкты сактоо министрлиги жеке медициналык борборлордун ишмердиги, санитардык абалы боюнча атайын рейддерин өткөрүүнү улантууда. Кечээ, 19-апрелде Чүй облусундагы бир катар медициналык борборлор текшерүүгө алынган. Жыйынтыгында дээрлик көбүнүн ишмердиги талапка жооп бербей тургандыгы аныкталды. Буга чейин жеке менчик 70тей стоматологиялык борбор текшерилип, алардын 19унун лицензиясы жок экени маалым болгон.