"Эркин-Тоо"

Эркектер менен аялдардын мээсиндеги айырмачылыктар…

Мээ – борбордук нерв системанын буйрук берүүчүсү. Ал дененин сезүү органдарынан сигналдарды кабыл алып, булчуңдарга маалымат берет. Адамдын мээси түзүлүшү боюнча башка сүт эмүүчүлөрдүн мээсине окшош, алдыңкы, ортоңку жана арткы мээ болуп үч бөлүктөн турат. Бирок көлөмү башка жандыктардын мээлерине караганда чоңураак болот.

Мээ жөнүндө кызыктуу маалымат:

Бардык омурткалуу жандыктардын ичинен адамдын мээси эң ири болуп эсептелет. Анын салмагы 1,5 килограммды түзөт.

Эркектердин мээсинин орточо көлөмү 1274 куб сантиметр, ал эми аялдардыкы 1131 куб сантиметр.

Мээ адамдын дене салмагынын болжол менен эки пайызын түзөт.

Мээде 86 миллиард нерв клеткасы (нейрон) бар. Ал триллиондогон туташуулар аркылуу бири-бири менен байланышат.

Андыктан ойлорду, санааларды четке сүрүп, нерв клеткаларын сактаңыз. Өзүңүздү кубантыңыз! Өзүңүздү сүйүңүз!

 

 

 

 

 

 

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!