Министрлер Кабинетинин жаңы мүчөлөрүнүн ант берүү аземи өттү

9-сентябрь, 2026-ж. / Айдина Шамшиева / Видео 172

Бүгүн, 9-сентябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым мүчөлөрү ант беришти. Жыйынга Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров катышты.

Алсак, төмөнкү жаңы дайындалган жетекчилер ант беришти:
— Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Улан Маматканов;
— Кыргыз Республикасынын финансы министри Руслан Суйналиев;
— Кыргыз Республикасынын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Алмаз Имангазиев;
— Кыргыз Республикасынын энергетика министри Алтынбек Рысбеков;
— Кыргыз Республикасынын юстиция министри Алмаз Айылчиевдер ант беришти
— Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Максат Асаналиев.

 

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X