"Эркин-Тоо"

Москва-Бишкек багыты боюнча авиабилеттин баасы эмне үчүн кескин кымбаттады?

Бүгүн, 27-сентябрда Жарандык авиация агенттигинин директору Александр Настаев Жогорку Кеңештин комитетинин жыйынында Москва-Бишкек багыты боюнча авиабилеттин баасынын кымбатташына байланыштуу түшүндүрмө берди.

Анын айтымында, билеттин баасы орус авиакомпаниялары тарабынан кымбатталган.

«Бүгүнкү күндө биз «Росавиация» менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, бааны турукташтыруу маселесин көтөрдүк.

Белгилүү болгондой, баалар орус компаниялары тарабынан көтөрүлгөн. Ошондой эле 5-октябрдан кийин баалардын арзандашы байкалууда»,- деди Настаев.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!