"Эркин-Тоо"

Москвадагы кол салууда каза болгондордун саны 143кө жетти

Москвадагы “Крокус Сити Холлдогу” кол салуунун кесепетинен каза болгондордун саны 143 кишиге, жараат алгандардын саны 360ка жетти. Бул тууралуу Орусиянын Тергөө комитети билдирди.

Окуя болгон жерде тергөөчүлөр жана соттук-медициналык эксперттер иликтөө иштерин улантышууда. Акыркы соттук-медициналык инструменттердин жардамы менен аймак изилденип, тергөөгө тиешелүү материалдык далилдер алынган.

Эске салсак, 22-март күнү Москвадагы Crocus City концерт залында атышуу болуп, өрт чыккан. Тергөө комитети Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинин (террордук акт) негизинде иш козгоп, териштирүү баштаган.

Кылмышка айыпталгандар кармалган. Алар Тажикстандын жарандары болуп чыккан. Владимир Путиндин айтымында, бул иш боюнча жалпысынан 11 адам кармалган.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!