Мамлекеттик жана коомдук ишмер Амангелди Муралиев Бишкекте өткөн II Дискуссиялык клубдун жыйынында өлкөнүн экономикалык абалы жана энергетика тармагындагы көйгөйлөр тууралуу “Эркин-Тоо” гезитине маалымдады.
Муралиевдин айтымында, жасалма интеллект жана заманбап технологиялар экономиканын келечектеги негизги тармактарына айланат. Бирок бул үчүн энергиянын жеткиликтүүлүгү маанилүү. Ал мамлекет башчысы Садыр Жапаровдун Россиянын президенти Владимир Путин менен сүйлөшүүлөрүндө энергетика маселесине өзгөчө көңүл бурулганын белгиледи.
«Гидростанцияларды, күн жана шамал электр станцияларын курууда иштер жүрүүдө. Азыр Кичи-ГЭСти куруудабыз, бирок бул жетишсиз. Энергетиканын кубаттуулугун тез арада көбөйтпөсөк, экономиканын өсүш темпи төмөндөйт», — деди Муралиев.
Анын айтымында, Россия менен атомдук станцияларды куруу маселеси каралып, Кара-Кечеде көмүр менен иштеген электр станциясын куруу сунуштары да бар. Ошондой эле быйыл Токтогул суу сактагычында суу аз болгондуктан, сууну көбөйтүү жана айыл чарбасын камсыздоо багытында чараларды көрүү зарыл.

