"Эркин-Тоо"

МЫЙЗАМДУУ ИШТИН МАЙНАБЫ БОЛОТ

Өткөн жылы 12 миң кыргызстандык чет өлкөдө мыйзамдуу ишке орношкон. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаевдин билдирүүсү боюнча алардын үчтөн бири аялдар. Дагы 50 миңден ашуун жаран жумушка орношуу боюнча кеңеш алуу кезегинде турушат. Бүгүнкү күндө кыргызстандыктар дүйнөнүн 23 өлкөсүндө мыйзамдуу түрдө ишке орношо алышат. Аталган министрлик тарабынан Улуу Британия, Түштүк Корея, Германия, Япония өлкөлөрү менен жумуш орундарын камсыз кылуу боюнча келишимдер түзүлгөн. Ал эми Болгария, Финляндия мамлекеттери менен келишим түзүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Учурда иш менен камсыз кылуу боюнча 142 жеке агенттик кызмат көрсөтөт. Алардын ишмердүүлүгүн Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги көзөмөлдөйт.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!