Нарында бажы мыйзамын бузуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматы кабарлайт.
Маалыматка ылайык, «Нарын» бажысынын кызматкерлери «А. X.» ЖЧКсына 2018-жылы Liebherr R 914 үлгүсүндөгү сүзгүчү бар чынжыр дөңгөлөктүү экскаватор келгенин жана убактылуу ташып келүү жол-жобосу боюнча бажылык тариздөөдөн өткөнүн аныктады.
Белгилүү болгондой, аталган транспорттук каражат ЕАЭБдин аймагынан тышкары чыгарылбастан жана андан ары бажылык тариздөөсүз Кыргызстанда жайгашкан.
Аталган ишкана Кыргызстандын бюджетине айып туумдарын кошуп 1 млн 314 миң 588 сом өлчөмүндө зыян келтирген.
Бул факты боюнча чогултулган материалдар процессуалдык чечим кабыл алуу үчүн Башкы прокуратурага өткөрүп берилди.