Нарында президенттик шайлоого даярдык талкууланды
Нарын облусунда 2027-жылдын 27-январына белгиленген президенттик шайлоого даярдык маселелери талкууланды.
Бул боюнча 4-ноябрда ыйгарым укуктуу өкүлдүн биринчи орун басары Эркинбек Чекирбаев БШК төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов жана комиссиянын мүчөсү Тимур Оторбаев менен жыйын өткөрдү.
Жыйында шайлоону мыйзам талаптарына ылайык өткөрүү, шайлоочулардын укуктарын камсыз кылуу жана шайлоо тилкелеринин даярдыгы каралды.
Ошондой эле мамлекеттик органдар менен жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн милдеттери жана өз ара аракеттенүүсү талкууланды.
Жыйынтыгында президенттик шайлоого даярдык көрүү жана аны мыйзам талаптарына ылайык өткөрүү боюнча тиешелүү жетекчилерге тапшырмалар берилди.