Небересин караган чоң ата, чоң энелерге айлык төлөнүшү мүмкүн

27-август, 2026-ж. / Редакция / Дүйнө 224

Россияда неберелерин 7 жашка чейин караган чоң ата, чоң энелерге ай сайын жөлөкпул төлөө сунушталды.

Мындай демилгени «Справедливая Россия» партиясынын лидери Сергей Миронов эмгек жана социалдык коргоо министри Антон Котяковго жолдогон кайрылуусунда көтөрдү. Бул тууралуу ТАСС жазды.

Сунушка ылайык, төлөмдүн өлчөмү ар бир аймактагы минималдуу эмгек акыга тең болушу керек. Ошондой эле мындай колдоо ар бир бала төрөлгөндө берилүүсү сунушталууда.

Мироновдун пикиринде, бул чара ата-энеси жумушта жүргөн учурда балдарды жакын туугандарынын кароосуна шарт түзүп, үй-бүлөлөргө жана улуу муунга каржылык колдоо болмок.

Депутат мындай демилге үй-бүлөлүк байланышты бекемдеп, экинчи жана үчүнчү баланын төрөлүшүнө кошумча түрткү берет деп эсептейт.

Азырынча бул сунуш гана. Чоң ата, чоң энелерге мындай төлөмдү киргизүү боюнча акыркы чечим кабыл алына элек.

27-август, 2026-ж. / Редакция / Дүйнө 224
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X