Непалда суу ташкыны: 162 адам каза болуп, 500дөн ашуун адам дайынсыз
Непалда күтүүсүз болгон катуу суу ташкынынан кеминде 162 адам каза болуп, 500дөн ашуун адам дайынсыз болууда.
Кырсык Бхоте-Коши дарыясынын аймагында болуп, чек арага жакын калктуу конуштарга жана инфраструктурага олуттуу зыян келтирди.
Алдын ала маалымат боюнча, 9 гидроэлектростанция талкаланып, 19 көпүрөнү суу жууп кеткен. 40 чакырымдай жол жабыркаган.
Кырсыкка муз жана таш көчкү себеп болгону айтылууда. Жер көчкүдөн дарыянын нугу тосулуп, топтолгон суу кийин Тришули дарыясына агып кирген.
Жергиликтүү бийлик тургундарга суу ташкыны тууралуу алдын ала эскертүү берилбегенин билдирди.
Непалдын армиясы жана тик учактар аркылуу 100дөн ашуун адам эвакуацияланды. Жабыркаган аймактарга азык-түлүк, чатыр жана башка керектүү жардамдар жеткирилүүдө.