Кыргызстандык боксчу Ихтияр Нишанов Бириккен Араб Эмираттарында өтүп жаткан бокс боюнча дүйнө биринчилигинде коло медаль жеңип алды. Ал 71 кг салмакта күч сынашты.
Боксчу БАЭде өтүп жаткан мелдеште турнирди 1/16 финалдан баштап, алгач австралиялык, андан соң таиланддык боксчуларды нокаутка түшүргөн. Чейрек финалда молдовалык спортчуну жеңди.
Мындан тышкары, кыргызстандык боксчу Омар Ливаза жарышта эң жогорку натыйжа көрсөткөндөрдүн катарына кошулуп, дүйнө чемпиондугунун финалына жолдомо алды.

