Ниязбеков Казакстандын ИИМ академиясына барды

5-ноябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 127

Кыргызстандын ички иштер министри Улан Ниязбеков Казакстанга болгон жумушчу сапарынын алкагында өлкөнүн Ички иштер министрлигине караштуу Башкаруу академиясына барды.

Сапардын жүрүшүндө министр окуу жайдын билим берүү процесси, материалдык-техникалык базасы жана илимий-практикалык ишмердүүлүгү менен таанышты.

Ошондой эле ички иштер органдарынын кызматкерлерин даярдоо жана алардын кесиптик деңгээлин жогорулатуу үчүн колдонулган заманбап ыкмалар көрсөтүлдү.

Тараптар билим берүү технологияларын колдонуу, окуу-методикалык иштерди өркүндөтүү жана тажрыйба алмашуу маселелерине көңүл бурушту.

Мындай жолугушуулар Кыргызстан менен Казакстандын ички иштер органдарынын ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүүгө жана кадрларды даярдоо багытында тажрыйба алмашууга багытталган.

5-ноябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 127
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X