Ноокат районунун Кеңеш айыл аймагынын Арбын айылында 2008-жылы бала бакчанын имараты менен 0,18 га жер тилкеси жеке жакка өтүп кеткен. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.
Андан соң, прокуратура тарабынан келтирилген прокурордук чара көрүү актынын негизинде базар баасы 19 миллион 524 миң сомду түзгөн аталган 0,18 га жер тилкеси менен бала бакчанын имараты Кеңеш айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине кайтарылды.