"Эркин-Тоо"

Нурланбек Шакиев эл аралык олимпиадада жеңишке жеткен окуучуларды кабыл алды

Бүгүн, 27-мартта Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев математика, физика жана информатика боюнча окуучулар арасында өткөн ХIX Эл аралык Жаутыков олимпиадасынын жеңүүчүлөрүн кабыл алды.

Парламенттин басма сөз кызматынан билдиргендей, Казакстан тарабынан уюштурулган таймашка дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүнөн 1200дөн ашуун окуучу катышып, кыргызстандык 12 окуучу жеңишке жетишкен.

«Нурланбек Шакиев алдыңкы орунду багынткан келечек ээлерин жеңиши менен куттуктап, окуучулардын жеңишине көмөктөш болуп, окуткан мугалимдерине жана ата-энелерине ыраазычылык билдирди. Муну менен катар башка тармактар боюнча эл аралык иш-чараларда жеңишке жетишкендерди тосуп алып, даңазалоо адатка айланганын эске салган төрага мындан ары илим жана билим берүү жаатындагы ар кандай эр аралык таймаштарда ийгилик жараткандарга да татыктуу көңүл буруу керектигин кошумчалады», — деп айтылат маалыматта.

Жолугушуунун алкагында жеңүүчүлөрдүн ар бирине Жогорку Кеңештин атынан заманбап планшеттерди тапшырды.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!