"Эркин-Тоо"

Окуучулардын кышкы каникулу узартылды

Окуучулардын кышкы каникулу узартылды, деп билдирди билим берүү жана илим министри Уланбек Мамбетакунов соцтармактардагы баракчасында.

Каникул 15-январда аяктайт, окуучулар 16-январдан тарта мектепке барышат.

Мурдараак эпидкырдаалга жана аномалдуу суукка байланыштуу Саламаттыкты сактоо министрлиги Билим берүү министрлигине каникулду 1 жумага узартууну сунуштаган.

Окуучулардын каникулу 30-декабрда башталган, 11-январда аяктамак.

Синоптиктердин маалыматына караганда, 11-январдан тарта Кыргызстанда аномалдуу суук болушу күтүлүүдө.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!