"Эркин-Тоо"

“Омикрон” штаммынын Дельтадан” айырмасы

Омикрон — бул COVID-19 оорусуна алып келген вирустун жаңы штаммы экендигин Республикалык штабдан билдиришти.

“Омикрон” штаммынын Дельтадан” айырмасы:

— мутациясы көп (башкача айтканда, белокто 32ге чейин өзгөрүүнүн болушу)

— жогорку жугуштуулугу, адамдар көп болгон имараттарда жуктуруп алуу ыктымалдыгы жогорулайт. ⠀

Япониялык окумуштуулардын айтымында, “омикрон” дельтага караганда 4,2 эсе тез тарайт.

Социалдык аралыкты сактоо жана беткапты колдонуу вирусту жугузуу ыктымалдыгын азайтат, бирок, өзгөчө оорулуу адам менен бир бөлмөдө узак убакыт байланышта болуу толук жокко чыгарбайт.

Жаңы штаммдын белгилери:

Оорунун белгилери демейде жугузуп алгандан кийин 3-6 күндөн кийин билине баштайт. Бирок, жугузуунун жана жайылуунун жогорку ылдамдыгын эске алганда, байланыш болгондон кийинки күнү же бир күндөн кийин белгилеринин пайда болуу ыктымалдыгы жогору. ⠀

Инкубациялык мезгил — бул адам вирусту жугузуп алган, бирок оорунун клиникалык белгилери али билине элек мезгил.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!