Орунтаев мэр болобу? Министр жооп берди
Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Бишкек шаарынын мэри болуп дайындалышы мүмкүн деген маалыматты төгүндөдү.
Бул тууралуу ал 5-ноябрда журналисттер менен жолугушууда билдирди.
Орунтаевдин айтымында, жакын арада борбор калаанын мэрлигине дайындалышы мүмкүн деген сөздөр чындыкка дал келбейт.
«Бүгүн Бишкектин мэри Айбек Жунушалиев. Анын ордун көздөө туура эмес. Биз элдин көйгөйлөрүн жана мамлекет койгон милдеттерди так аткарышыбыз керек», — деди министр.
Ал мамлекеттик кызматтарга дайындоо маселеси өлкө жетекчилигинин гана компетенциясына кирерин белгиледи.
Орунтаев учурда курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба тармагындагы иштерге көңүл буруп жатканын кошумчалады.