"Эркин-Тоо"

Орусияда жүргөн 327 кыргызстандыкка баңгизатына байланыштуу кылмыш иши козголду

Былтыр Орусияда жүргөн кыргызстандыктарга баңгизатына байланыштуу 327 кылмыш иши козголгон. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, былтыр, 2021-жылы Орусияда жүргөн 224 кыргызстандыктарга карата баңгизатына байланыштуу 327 кылмыш иши козголгон. Орус укук коргоо түзүмдөрү алар жеңил акча табуу үчүн ал кылмыштарга кыргызстандыктар максаттуу түрдө барып жатканын белгилешкен.

Бирок ошондой эле өзү билбей баңги бизнесине аралашып алгандар да жок эмес. Алар көбүнчө баңгизаттарын кайсы бир жерге бекитүү же жеткирүү сындуу иштерге колдонулат.

Элчилик Орусияда жүргөн кыргызстандыктарды баңгизатына байланыштуу табылган жеңил акча үчүн мыйзам алдында оор түрдө жооп берүүгө туура келерин эскертип, мындай көрүнүштөрдөн сак болууга чакырат.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!