Ошто 11 айылдын таза суу маселеси чечилди
Ош облусунун беш районундагы 11 айылга таза суу жеткирилип, 32 544 тургундун ичүүчү суу маселеси чечилди. Жаңы суу объекттеринин ачылыш аземдерине Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев онлайн катышты.
Ачылыш аземдеринин бири Араван районунун Керме-Тоо айыл аймагына караштуу Гүлбаар айылында өттү. Долбоордун алкагында айылдын 12 180 тургуну таза суу менен камсыз болду. Анын ичинде Жаңы Жол, Пахта-Арал, Жаштык, Жеңиш, Манас жана Бирлик участокторуна суу жеткирилди.
Мындан тышкары, таза суу объекттери Кара-Суу, Алай, Ноокат жана Өзгөн райондорунда да пайдаланууга берилди.
Атап айтканда, Кара-Суу районунун Савай айыл аймагындагы Октябрь жана Ала-Тоо айыл аймагындагы Жылкелди айылдарына; Алай районундагы Гүлчө шаарына караштуу Кум-Шоро, Кара-Суу, Кенжебай, Октябрь айылдарына жана Жибек-Жолу айыл аймагындагы Согонду айылына; Ноокат районунун Зулпуев айыл аймагындагы Интернационал жана Кашкалдак айылдарына; Өзгөн районунун Кара-Шоро айыл аймагындагы Семиз-Көл айылына таза суу жеткирилди.
Иш-чарада Адылбек Касымалиев таза суу менен камсыздоо мамлекеттин артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин белгилеп, калкты сапаттуу ичүүчү суу менен камсыз кылуу иштери мындан ары да улантыларын айтты.