Ошто 32 чакырымдык айланма жол куруу пландалууда

4-ноябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 120

Ош шаарында узундугу 32 чакырымды түзгөн түштүк айланма жолун куруу пландалууда. Долбоор ишке ашса, транзиттик унаалар шаардын борборуна кирбей өтө алат.

Бул боюнча кызматташуу меморандумуна Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев, транспорт жана коммуникациялар министри Талантбек Солтобаев жана «АВТОБАН» жол-курулуш компаниясынын директору кол коюшту.

Долбоордун алкагында заманбап автомобиль жолунан тышкары транспорттук түйүндөрдү, көпүрөлөрдү жана башка инженердик курулмаларды куруу каралган.

Мэриянын маалыматына ылайык, жаңы жол шаардын борбордук көчөлөрүндөгү унаа агымын азайтып, жол тыгындарын кыскартууга жана кыймыл коопсуздугун жогорулатууга шарт түзөт.

4-ноябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 120
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X