"Эркин-Тоо"

Ошто дайынсыз болуп жаткан 55 жаштагы жарандын денеси табылды

Ошто 3 күндөн бери изделип жаткан 55 жаштагы жарандын сөөгү суудан табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 16-августтан бери Ички иштер министрлигинин кызматкерлери тарабынан изделип жаткан 1967-жылы туулган М.Ш. аттуу эркек киши Южный кичи районунда агып өткөн Ош-Араван каналына түшүп кетиши мүмкүн экендигин билдиришкен.

18-август күнү каналдын жээктерин издөө иштерин жүргүзүүгө 4 куткаруучу тартылып, саат 14:40та анын сөөгү куткаруучулар тарабынан суудан табылып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!