"Эркин-Тоо"

Ошто күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды

Ош облусунун аймагында очогунда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институтунан маалымдашты.

Билдирмеге ылайык, жер силкинүү бүгүн, 10-февралда саат 11:24тө болду. Ал Өзгөн районунун Кара-Дөбө, Салам-Алик, Ара-Көл, Байбиче айылдарында 3 баллга чейин сезилген.

Алдын ала маалымат боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!