Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов 28-май күнү Өзгөн районунун селден жабыркаган айылдарына барып, кырсыктын кесепеттерин жоюу иштери менен таанышты. Бул туурасында өкүлчүлүктүн маалымат кызматынан кабарланган. Маалыматка ылайык, облус башчысы селдин кесепеттерин жоюу иштерине 100 миң сом өлчөмүндөгү каражат бөлүп берди.«Кечээ жүргөн селдин кесепетинен 5 турак үй кооптуу деп табылып, тургундар коопсуз жайларга көчүрүлдү. Учурда райондук жарандык коргонуу штабы жана ӨКМ кызматкерлери жеринде тиешелүү жумуштарды алып барууда», — деп айтылат маалыматта. Эске салсак, кечээ, 27-май күнү саат 19:30 чамасында Өзгөн районунун Салам-Алик айыл өкмөтүнүн Кош-Этер айылында нөшөрлөп катуу жааган жамгырдан улам сел жүрүп, турак үйлөрдүн короолорун сел каптаган.