"Эркин-Тоо"
Дүйнө Жаңылыктар

Польша өлкөсү 68 гектарга кичирейди

Чет элдик NEXT.GAZETA.PL маалымат агенттиги кабарлагандай, Польшанын аймагы 68 гектарга кичирейди.

Жергиликтүү статистика мекемеси мындай өзгөрүү негизинен Балтика деңизинин боюндагы чек аралардын кайра такталышы менен байланыштуу экендигин билдирген.

Алсак, батыш Поморск аймагы чоң өзгөрүү болуп, 35 гектарга кыскарган. Жалпысынан өлкөдөгү 5 аймак кеңейтилип, 11 аймактын чек арасы тарыган.