Президент Нью-Йоркто StoneX Group жетекчилиги менен жолукту
Президент Садыр Жапаров АКШга болгон иш сапарынын алкагында Нью-Йорк шаарындагы StoneX Group компаниясынын кеңсесине барып, анын жетекчилиги менен жолугушту.
Жолугушууда компаниянын эл аралык финансылык жана товардык рыноктордогу ишмердиги, ошондой эле Кыргызстан менен мурда түзүлгөн кызматташтык тууралуу сөз болду. Тараптар баалуу металлдарды соодалоо, баалардын өзгөрүшүнө байланышкан тобокелдиктерди башкаруу, эл аралык эсептешүүлөр жана заманбап финансылык инструменттерди колдонуу багыттарында кызматташууну кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.
Президент Кыргызстан америкалык инвестицияларды, технологияларды жана эл аралык тажрыйбаны тартууга кызыкдар экенин белгилеп, StoneX Group менен кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн олуттуу потенциал бар экенин айтты.
Өз кезегинде StoneX Group компаниясынын аткаруучу директору Филип Смит Кыргызстандагы катышуусун кеңейтүүгө жана финансылык кызмат көрсөтүүлөрдүн жаңы багыттарында кызматташууга даяр экенин билдирди.
Жолугушуунун соңунда Кыргызстандын Финансы министрлиги менен StoneX Group, ошондой эле «Элдик Банк» менен StoneX Group ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдарга кол коюлду.