"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент октябрь окуялары тууралуу маек берди

Президент Садыр Жапаров «Кабар» агенттигине маек берди. Анда октябрь айында премьер-министр болуп жаңы дайындалгандан кийин өлкөдөгү башаламандыкты токтотуу үчүн чаралар көрүлгөндүгүн билдирип, туруктуулукту сактоо максатында кайрылуулар жасалгандыгын, коопсуздук топтору уюштурулгандыгын айтты.

Маегинин башында Садыр Жапаров жакында 2015-жылдан берки бүгүнкү күнгө чейинки окуялар камтылган китеп чыгара турганын билдирди.

“Саясаттагы 10 жыл” аттуу китебимдин уландысын чыгарам.
2015-жылдан берки бүгүнкү күнгө чейинки окуялар, түрмөдөгү үч жарым жылдык жашоом камтылат.
Ошол жерден көптөгөн кызыктуу, таң калычтуу окуяларга күбө болосуздар, — деди мамлекет башчысы.

Президенттин айтымында, өлкөнү башкаруунун алгачкы кадамы стабилдүүлүктү орнотуу жана башкаруу системасын реформалоо болгон. Ал буга чейин коррупциялык системанын мамлекетти чачыратып, парламенттик башкаруунун натыйжасыз болуп калганын өз көзү менен көргөн.

Өлкө башчысы мындан ары элдик толкундоолордун кайталанбашын камсыздоо үчүн шайлоолорду таза өткөрүү, адилеттикти сактоо жана добуш берүүнү көзөмөлдөө маанилүү экенин белгиледи.

Толук маекти «Кабар» маалымат агенттигинин сайтынан окуй аласыздар.