"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Садыр Жапаров Минскиге барды (видео)

​Үстүбүздөгү жылдын 26-июнунда Президент Садыр Жапаров Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин жыйынына жана IV Евразия экономикалык форумуна катышуу үчүн иш сапары менен Беларусь Республикасынын борбору Минск шаарына барды.

Мамлекет башчынын учагы Минск улуттук аэропортуна конуп, Президентти Беларусиянын Премьер-министринин орун басары Виктор Каранкевич жана башка расмий өкүлдөр тосуп алышты.

Президент Садыр Жапаровдун Минскидеги сапардын алкагында бир катар жолугушууларга жана маанилүү эл аралык жыйындарга катышуусу күтүлүүдө.

Эске сала кетсек, Президент 24-25-июнь күндөрү Малайзияга болгон расмий сапарынын алкагында Премьер-министр Анвар Ибрагим жана парламент жетекчилери менен жолугушуп, кызматташууну тереңдетүү боюнча макулдашууларга кол койгон. Ошондой эле малайзиялык ишкерлер менен жолугушуп, 25-июнда Бишкекке кайтып келген.

Президент Садыр Жапаровду Путраджаяда тосуп алышты