Президент Садыр Жапаров неберелүү болду. Кабарды мамлекет башчынын маалымат катчысы Эрбол Султанбаев тастыктады.
Анын айтымында, президенттин экинчи небере кызы жарык дүйнөгө келди.
Белгилей кетсек, Садыр Жапаров менен Айгүл Жапарованын Дастан, Рустам, Ринат, Нурдөөлөт жана Жанайым аттуу уул-кыздарды бар. Туң уулу Дастан жол кырсыгынан каза болгон.
2019-жылы экинчи уулу Рустам үйлөнгөн. Бир жылдан кийин жубайлар Саара аттуу кыздуу болушкан.