Президент Жогорку Кеңештин санариптик музейи жана жаңыланган залдары менен таанышты

9-сентябрь, 2026-ж. / Айдина Шамшиева / Видео 164

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 9-сентябрда, Жогорку Кеңешке барып, заманбап санариптик музейдин ачылыш аземине катышты. Ошондой эле Мамлекет башчысы парламенттин жаңыланган жыйын залдары менен таанышты.

Санариптик музейде атайын гид-робот Президентке кыргыз элинин жана парламенттин тарыхы, ошондой эле Жогорку Кеңештин ишмердүүлүгүнө арналган экспозициялар тууралуу маалымат берди.

Мындан тышкары, Садыр Жапаров мамлекеттик органдардын жетекчилерине жыйындарга аралыктан катышууга шарт түзгөн заманбап санариптик технологиялар менен жабдылган жаңыланган жыйын залдарын көрүп чыкты.
Иш-чаранын жыйынтыгында Президент жаңыланган экспозиция келгендерге, анын ичинде жаш муунга парламенттин тарыхын жана ишмердүүлүгүн кеңири таанып-билүүгө мүмкүнчүлүк түзөрүн белгиледи.
Ошондой эле санариптик музей жарандардын Жогорку Кеңештин ишине болгон кызыгуусун арттырууга өбөлгө болорун баса белгиледи.

 

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X