"Эркин-Тоо"

Президенттин буга чейинки бир катар жарлыктары жана тескемелери күчүн жоготту деп табылды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым жарлыктарын күчүн жоготту деп таануу жөнүндө» Жарлыкка кол койду.
Бул Жарлык менен Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарынын тиешеси жок же мыйзам актыларынын жоболоруна карама-каршы келген бир катар жарлыктары күчүн жоготту деп таанылат.

Мындан сырткары, Садыр Жапаров кол койгон текемеге ылайык Кыргыз Республикасынын Президентинин 269 тескемеси күчүн жоготту деп таанылат.

Бул чаралар бюрократизмден арылуу жана тез арада чечимдерди кабыл алууга тоскоолдук кылган кайталанган, эскирген ченемдик укуктук актыларды аныктоо үчүн ченемдик укуктук актыларды масштабдуу инвентаризациялоонун алкагында кабыл алынган. Мындан тышкары, бул Жарлыкка жана тескемеге кол коюу Кыргызстанда бизнес үчүн шарттарды жакшыртууга багытталган.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!