"Эркин-Тоо"

Президенттин маалымат катчысы кызматтан кеткен Алтынбек Сулаймановго жооп берди

Аймактарды өнүктүрүү боюнча бир жылдан бери долбоор даярдалып жатат. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев социалдык тармактагы баракчасына жазды.

«Алтынбек Сулайманов айткандай, аймактык реформа бир заматта эле боло калбайт. Бир жылдан бери долбоору даярдалып жатат. Адистерден турган топ иштеп жатат. Даяр болору менен реформа башталат. Президенттин администрациясы кол куушуруп олтурган жок. Алгач тажрыйба иретинде бир аймакта сыналат. Андан кийин ошого жараша калган аймактарда иш жүрөт.

Көз ачып жумганча эле жасай салгыдай, бул оюнчук иш эмес. Аймактык реформанын долбоорун иштеп чыгуу көптөгөн жылдарды талап кылат. Өтө кылдат иштелип чыгууда. Популисттик кылып реформа жасап атабыз деп эле бышпаган нерсени жасай салсак, мамлекеттик түзүлүштү талкалап алышыбыз мүмкүн», — деп жазды Султанбаев.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!