"Эркин-Тоо"

Психолог-коуч Назира Мукезовна: «Сүйүүсүз жашоо — жашоо эмес»

— Назира эже, кепти алгач сиздин өзүңүздөн баштасак… Психология сиздин жашооңузга эмне себептен кирип калды?

-Адам бул жашоого келгени миссиясын табуу өтө кыйынга турат. Көпчүлүк адамдар, анын ичинен мен деле, акчаны кайдан көп тапса болот деп өзүбүзгө туура келбеген иштер менен алек болуп жүргөнбүз. Психологияга келип калганымдын себеби албетте, турмуштагы оор кырдаалдар болду десем жаңылышпайм. «Башы оорубаган адамдын Кудай менен иши жок» деген сөз бар. Мен «эмне себептен ушул тагдыр мага туш болду» деп, жооп издечүмүн. Минтип бир эле жолу сурабайсың, бул көптөгөн жылдарды талап кылат. Эс тарткандан абдан сезимтал адамдардын катарына кирем, ар бир адамды изилдеп, ар бир адамды байкап » кандай адамдар бактылуу болот?» деген суроонун үстүндө көп ойлончумун. Ал учурда жалаң эркектердин арасында өскөндүктөн, эркектер дагы көп сүйлөбөйт эмеспи, өз дүйнөмдө гана жашачумун. Дайыма изилдөөнүн үстүндө болчумун. «Бактылуу адамдар өзүн кандай алып жүрөт, алардын жүрүм — туруму кандай»,- деп ошолорго окшошкум келчү. Көбүнесе бактылуу адамдар бейпил болорун бала кезимде эле байкай алдым. Эс тарткандан бакытты издедим, бактылуу болгум келчү. Кыргызда колго суу куйган балдарга бата берет, «өмүрлүү бол» деген батаны көп укчумун дагы, эмне үчүн мени алкаганда » бактылуу бол» дебейт деп ичимден кыжаалат болчумун. Шүгүр, адамдын ичиндеги нерсе качандыр бир кезде сыртка чыгат экен, мен өмүрдө өтөй турган парзым табылып, адамдарга жардамчы болуп, жашоолоруна жарык киргизип, жеңилдик берип атсам анда мен ошол мүнөттөргө кубанычтамын.

— Кийинки жылдары психолог-коучтар жана психолог болууну каалагандар көбөйүп кетти деп жатышат, буга сиздин оюңуз кандай?

— Психолог-коучтардын көбөйгөнүнө кыжаалат болбош керек деп ойлойм. Көбөйгөнүнүн биринчи себеби — замандын талабы, экинчи себеби — элге таанылам же акчасы жакшы деп ойлойт. Мен деле окуп койсом кыла алам бул ишти дейт. Бирок, кандай гана болбосун, жашоо-турмуш бардыгын өз нугуна салып коёт. Мейли, аны дагы жасап көрсүн, адамдын аткара турган миссиясы, касиети психологияда болбосо, эртең сөзү түгөнгөн күнү анын ишмердүүлүгү дагы бүтөт. Анткен менен буга терс көз карашта кароонун кажети жок, кимдир бирөөгө баары бир пайдасын тийгизип жатат. Психология аябагандай чоң жана жүгү оор кесип. Ар бир адам жашоо-турмуш сабагын ( психологияны) окуусу зарыл деп ойлойм. Үй бүлө, мамиле кургучакты, кесип тандагычакты, бала кезден баштап бул ааламдын сырларын үйрөнүп алсак, жашоо бизге алда канча жеңил болбойбу. Адамдар бактылуулукту сырттан издебей ичтен издеп, бактылуу болууну үйрөнүп алса жаманбы?

— Сизге кайрылган адам бактылуулук абалын сезиш үчүн кандай ыкма менен иштейсиз?

— Ар бир адам ушул турган ахыбалында бактылуу экенин аңдабай, ай — ааламды аңтарып бакыт издеп жашайт. Мага кайрылган адам бактылуулук абалын сезиш үчүн  «Жан дүйнөгө төңкөрүш» деген атактуу, көпчүлүк адамдын жүрөгүнөн түнөк алган, үч күндүк сабагымдагы ыкмалар менен баштайм. Бул сабакты кайра-кайра суранып, » мен тазаланып чыгышым керек болуп жатат» деп, сегиз-тогуз жолу кайталап окуган адамдар бар. Биз ушул учурга кубанып, ушул учурда жашай билишибиз керек. Бакыт деген эмне экенин билиш үчүн, өткөнгө өкүнбөй, эртең эмне болот деп кейибей, азыр ушул жерде гана жашай билгенибиз маанилүү. Анан сөзсүз тазаланууда жашаш керек адам.

— «Тазалануу» деген эмне экенин айта кетсеңиз?

-«Тазалануу» деген — адамдын мээсиндеги ката программаларды чыгаруу. Ката программа — адамдын жан дүйнөсүндөгү капалануу, басынуу, жашоосуна жакшылык келээрине ишенбөө өңдүү терс ойлор, терс ишенимдер. Адамда ушундай негатив ойлор абдан көп болот. Бир күндө жок дегенде 15 мүнөт өзүбүзгө көңүл бөлүп, тазалануу жүргүзүп, көмүскө сезимибиздеги терс ойлорду жууп- тазалап турсак, Жараткан берген шыктануу менен жашап, Жараткандын алаканында болуп, ал түзүп берген жолдор менен, ал пландаган иштердин үстүндө жан дүйнөбүз тынч жашай баштайбыз.

— Психологиянын тили менен айтып көрсөңүз, адам өзүн тапкан кезде кандай болуп калат?

-Бакыт кайда экенин так билип калат. Бакыт деген алыстарда же башка бир адамда эмес экендигин, адамдын өзүндө, өз ичинде экенин түшүнөт.

— Сиз көп адамдар менен кызматташып келесиз, сизге кандай көйгөй боюнча көбүрөөк кайрылышат жана биздин коомдун эң жаралуу жери кайсы деп ойлойсуз?

-Адамдар катуу кыйналган учурда гана чуркайт. Көбүнчө үй бүлө маселеси боюнча же өзүн таппай калганда, жолдошу, кайын журту менен мамилеси болбой, иши жүрүшпөй, карызга батып калганда келет. «Ики» деген ооруң болбосун, «келе» деп кокологон карызың болбосун» дейт кыргызда. Жашоосунда ушул эки нерсе жок болсо, анда албетте келбейт. Бир эле көйгөй менен иштешем дебеймин, жашпы-карыбы, аялбы-эркекпи тегиз кызматташып, жардам бергенге аракет кылам.

— Сизге дайыма адамдардын арыз- муңун угууга туура келсе керек. Ал нерсенин маанайыңызга терс таасири тийбейби?

— Адам ушул иш үчүн жаралбаса, акча, атак үчүн психолог болуп алган болсо, тез эле чарчайт. Менин бир теңтуш келиним менде менеджер болуп иштеп калган. Күйөөсү абдан жакшы жигит. Келиндин менеджерлик таланты чоң болгону менен бирөөнүн ички дартын угуп көнбөптүр. » Эже, кыргыз аялзатынын 90% кыйналып жашап жүрөт деп айтчу элеңиз, сиз дагы кемитип айтыптырсыз, 95% аялдын шору куруп калыптыр. Мага күнү-түнү чалышат. Күйөөлөрү менен болгон мамилелерин айтып берсе, кыйын жашоодо жашашат экен. Мен жолдошумду эми баалап калдым» — деп, бул жумуштан өтө чарчаганын билдирди. Мен даттанып келген адамга, жол көрсөтүп , жашоосуна жарык берип, жеңилдентип койгондон ырахат алам. Мага адамдардын жан дүйнөсүн азаптан сергитип алуу бакыт, менин жашоом ошону менен кызык. Ооба, энергетикасы оор адамдар дагы болот, абдан жаның кейийт ага… Деги эле бардык адамзат өзүнүн жанына туура келбеген адамдардан качыш керек. Мен аларга кеңешимди берип, жолун көрсөтөм да туруп кетем. Дайыма энергетикасы таза жүргөн адамга, энергетикасы туура эмес адамды Жараткан өзү деле кошпойт да. Мага туура келбеген адамдан байланышты үзүп коё алам.

— Сиз сабактарыңызда адамдын балалык кезиндеги тагдырына терең маани бересиз. Себебин айтып бересизби?

-Биздин келечек, тагдыр бала кезде башталат. Бул өтө маанилүү учур. Бала 12-13 жашына чейин дайыма энесин, атасын көрөт. Алар баланын кийинки жашоосуна эбегейсиз таасирин тийгизет. Бирок, ата-энелер, өзгөчө кыргыз ата-эне муну сезбейт. Үй бүлө болуп биригип жашагандан кийин, ата — эне ынтымактуу болуп, бири-бирин сүйүп, сыйлап жашаш керек. Себеби, балдарынын келечеги, тагдыры жакшы болсун десе, бактылуу тагдырды балдарына көрсөтүшү керек. Баланын башынан өткөн кайгы-капа, таарынычы эсинде бекем сакталып калса, бала капаланып ал окуя жөнүндө ойлой берсе, мурдагы окуяларга окшош кайгылуу тагдырды ою менен тартып алат. Ошондуктан, бардык капачылык үчүн балаңыздан азыр дагы кечирим сурап, бат- бат мээримге бөлөп турушунуз керек. Эң маанилүү учур балалык мезгил болот. Кандай эс тарттык, кимди көп көрдүк, эмнени ойлондук — бул биздин тагдыр деп элестетиңиз. Баланы эркин, көңүлүн калтырбай, бакубат, сүйүүгө тойгузуп өстүрсөк, ал баланын тагдыры буйруса сонун болот деп ишене бериңиз. «Жок, мен үй бүлөнү эл көзүнө эле сактап калсам болду, балдар үчүн жашап жатам» деп, баланы уруш- талаштын үстүндө өстүрүүнү уланта берсеңиз бул аябагандай чоң ката . Өз каныңыздан жаралган балдардын тагдырдын бузуп атасыз деген эле сөз бул.

— Эмне үчүн энеси бактылуу балдар бактылуу? Энеси бактысыз балдардын жолунда кыйынчылыктар көп болот?

— Үйдөгү атмосферанын 80% эне түзөт. » Энеңизден кийинки сыйлай турган адам — сиздин жубайыңыз, өмүрлүк жарыңыз» деп, мырзаларга дайыма айтып келем. Бизде тескерисинче жубайын душманындай көрөт, кул катары пайдаланат жана «сыйлап жетишем» деп ойлойт. Баары эмес албетте, бирок көпчүлүгү ушундай. Жолдошунан мээрим, махабатка тойгон эне абдан бактылуу болот. Жолдошу менен мамилеси келишпеген, жолдошунан сый, махабат, сүйүү, колдоо көрбөгөн эне бактысыз болот. Аял деген эркек сурабаса деле өмүрүн садагага чаап койгон, үй бүлөгө катуу берилген адам. Муну мээге куюп алыш керек. Уул балага » аялыңды сыйлаш үчүн, алаканыңа салып аздектеш үчүн аласың» деп тарбия берүүгө эне милдеттүү. Уулун өтө кызганган энелер болсо, » менден кийинки…» деген сөздү кошуп коюңуздар.
Кыз балага атанын мээрими өтө зарыл. Ата мээримге, сүйүүгө балкытып чоңойтсо, бөркүңүздөй ишене бериңиз, кызыңыздын жолдошу дагы аны так сиздей сүйөт. Энелерге айтарым, уулуңуз эс тарткандан баштап ар дайым сизди көргөн, сиздин ар бир кыймыл-аракетиңизди, мүнөзүңүздү жаттап алып,» аял деген ушундай болот турбайбы» деген программа мээсинде жазылып аткан болот да, дал сиздейди издей берет. Так сиздей аялзат жолукканда анын жүрөгү «тыз» этет да, » аа, ушуну сүйдүм го» деп ойлойт. Бирок, ал сиздин гана экинчиңизди тапкан болот. Ошондуктан бир эле образ баланын да, кыздын да мээсине кирип калбаш үчүн коомдо, көпчүлүктө мыкты адамдар менен аралаштырып өстүрүүбүз зарыл. » Ал жакка барганга болбойт, конок келгенде чогуу отурганга болбойт» деген сыяктуу тыюулар эң чоң каталык болуп калат.

— Элибиздин жашоосундагы кандай стереотиптер сизге туура келбейт?

-Элдин билим алайын деп умтулбаганы, заманга жараша өсөйүн дебегени, китеп окубаганы, тренингдерге катышпаганы. Адамдар университетти бүтсө жогорку билимим бар деп ойлошот. Жогорку билим деген — адамгерчилигиңди күн, саат, мүнөт эмес, секунд сайын сактай билгендигиң. Маңдайыңдагы ар бир адамды баалай билгендигиң. Башкача айтканда, биз баш казанга акча салган жокпуз, биз ашказанга зыяндуубу-зыянсызбы, тыгып атабыз. Элге көрүнөйүн, элге жагынайын деп ысырапкорчулук менен аш-тойлорду өткөрүп жатабыз. Албетте, 20-30% адам аракеттенип , изденип атат, мен алар үчүн чексиз кубанам. Ар бирибиздин бул жашоодо ойной турган өз инструментибиз бар. Бирок, биз өзүбүздүн инструментибизди ойногон жокпуз. Башка бирөөнүн аспабында ойнойбуз деп убараланып жатабыз. Мына ошондо жалпы жашоонун симфониясы бузулуп жатпайбы. Көйгөй ошондон чыгып жатат. Кудай белгилеп берип койгон өз аспабыңызды ( өз жолуңузду) табыңыз дээр элем.

— Сөздүн күчү жөнүндө да айта кетсеңиз?

-Албетте, сөзгө дыкаттык менен мамиле кылышыбыз керек. Оозуңдан байкалбай чыккан сөзгө баары бир жооп бересиң. Эгер адам тазаланса, тилден кетирген катачылыктар кошо тазаланып кетет. Мен ошон үчүн дайыма айтам: тазалануу, тазалануу жана тазалануу — деп. Адам кыла турган эң маанилүү эки нерсе бар, азыр ушул жерде жашоо жана тазалануу. Бирөөлөрдүн ишине таптакыр кийлигишпөө, бирөөнүн жашоосуна сын айтпоо, бирөөнү соттобоо… Жаманды көрбөш керек башкача айтканда. Жакшыны көрүп, айтып өзүн машыктырып, өзүн тарбиялаш керек. Себеби, биз негативге аябай көнүп калганбыз. Эч кимге тийишпей, ар бир адам өзүн оңдой билсе, сырттагы жашоосу автоматтык түрдө өзүнөн- өзү өзгөрүлөт.

— Кандай жерде, кандай үй бүлөдө өскөнсүз?

-Касиеттүү Ысык-көлдө туулуп-өскөм. Боомдон өткөндө Көлдүн абасы ар бир клеткаңа кирип, сени тазалай баштайт. Менин жерим тууралуу айтып бүтүүгө сөз жетпестир, балким.Сүйүү менен махабатка тойгон үй бүлөдө чоңойдум. Аны мен жетиштүү түрдө алдымбы-албадымбы бул башка кеп. Бирок, энем менен атамдын ортосундагы чоң махабатты көрүп өстүм. Атам менен энем теңдеши жок адамдар экенин көзү өткөндөн кийин билдим, албетте. Айла жок, колдон эч нерсе келбей турган учурлар болот экен. Биздин периштебиз ата-энебиз болот экен. Адам эмнени көрсө ошону издейт. Ошондуктан сүйүүгө өзгөчө көңүл бурам. Сүйүүсүз жашоо — жашоо эмес деп эсептейм.

— Сиздин ушул учурдагы эң актуалдуу максатыңыз эмне?

— Максатымды айтсам балким, көпчүлүккө жаңылык болор. Менде максат жок, план дагы жок. Максат, план дегендин өзү чыңалуу, өзүңө күч келтирүү. Кайсы жерден чыңалууга кирдиң, сен ошондо жаратылышка каршы чыгып аткан болосуң. Эң актуалдуу максатым азыркы учурда — дал азыр менде эмне бар, мага ушул учур маанилүү. Үй бүлөм бар, жакындарым жанымда, дендери сак, аман-эсен, Кудайыма миң шүгүр, кийимим бүтүн, кардым ток, алты саным аман, он эки мүчөм түгөл, өлкөмдө бейпилдик, тынчтык… Ар бир алып аткан демим ырахат… Жүрөгүмдүн ушул тынчтыгы — жашоодон алган ырахатым… Менде маселе жок дегендик эмес бул. Маселени ойлонгондон мага пайда келбейт. Эгерде менин жүрөгүмдү тынчсыздануу басса, эртеңки тынчсызданууну чакырып аткан болом. Эгерде кайгырып аткан болсом, эртеңки күнүмдү кайгы менен камсыздап аткан болом. Кандай гана кыйынчылык болбосун ушул жерде жашай билсем, ушул учурдан ырахат ала билсем эртеңким дагы ушундай сонун болуп кете берет.           Даярдаган: Афина Бакирова

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!