17 жаштагы Айсулуунун кылмышкердин колунан мыкаачылык менен ажал табышы коомду дүрбөлөңгө салып, окуянын тергелишин Президент Садыр Жапаров өзү жеке көзөмөлүнө алды. Ошол эле учурда Мамлекет Башчысы Президенттик Администрациянын Укуктук камсыздоо башкармалыгынын башчысы Мурат Укушевге балдарга, кыз-келиндерге карата жасалган кылмыш үчүн жоопкерчиликти күчөтүүнү караган өзгөртүүлөрдү мыйзамдарга киргизүү боюнча иштөө тапшырмасын берди. Ал ортодо Бишкекте үрөй учурган дагы бир кылмыш катталып, бир үйдө эки адам мыкаачылык менен өлтүрүлүп, кылмышка шектүү жаш жигит экендиги аныкталды. Биз бул окуялардан кийин психолог, психотерапевт, профайлер Мээрим Мураталиевага кайрылып, коомдогу агрессия жана зөөкүрлүктүн кайдан келип чыгаары тууралуу суроолорубузду узаттык.
— Мээрим, сиз психолог, психотерапевт катары эмне үчүн адамдар зөөкүрлүккө барарын түшүндүрүп бере аласызбы? Илим зөөкүрлүк жөнүндө эмне дейт?
— Секелек кызыбыз Айсулуунун зордук-зомбулук көрүп өлтүрүлүшү азыр баарыбыздын кабыргабызды кайыштырып турат. Эң өкүнүчтүүсү, мындай окуялардын кадимки көрүнүшкө айланып бара жатышы. Негизи эркек табиятынан күчтүү жана коргоочу, үй-бүлөнүн башчысы болот. Ал эми зөөкүрлүк эркектин табиятынан эмес. Бул психологиялык жарааттардан улам келип чыккан оору. Зөөкүрлүккө көбүнчө балалыкта ызы-чуу үй-бүлөдө жашаган, коом тарабынан кемсинтилип, абалына кыжырданып калган агрессиялуу адамдар барат. Алар өзүнөн алсыз адамдарга гана кол салышат. Зөөкүрлөр адатта коргоосуз балдарды, жаш кыздарды, же өзүнө баш ийген аялдарды тандап алып зордук-зомбулук көрсөтүшөт. Тилекке каршы, арабызда андай адамдар бар.
— Психологдор, психотерапевтдер зөөкүрлүктү жоюу боюнча кандай сунуштарды беришет? Мисалы, өлүм жазасы кылмышкерлерди коркута алабы?
— Ооба, коркутушу мүмкүн. Бирок, көйгөйдү өлүм жазасы чече албайт. Биз маселенин тамырына карашыбыз зарыл. Азыр балдарыбызга, өспүрүмдөргө мээрим, сүйүү бербесек, мындай окуялар кийин да улана бериши ыктымал. Эркектерди туура тарбиялоо маанилүү. Алар аялга урмат көрсөтүүнү ички маданият катары көрүшү керек. Кыз баланы да туура тарбиялоо зарыл. Психологияда кыз бала өзүн кандай бааласа, кийин күйөөгө чыкканда, эне болгондо ошол баалуулукту үй-бүлөсүнө алып келе турганы айтылат. Эгер бала кезинен сүйүү, урмат, ишеним көрбөсө, чоңойгондо да өзүнө ишенбей, мамиле түзүүдө кыйналып калышы мүмкүн. Кыздын тарбиясы – бүтүндөй коомдун келечегине таасир этет. Анан да зордук-зомбулук болуп жаткан учурда ачык айтып чыгуу керек. Мамлекет өлүм жазасын киргизип койгону менен, коомдун жардамысыз маселе чечилбейт. Ата-энелер жасай турган биринчи кадам – үйдө балдардын көзүнчө урушуп-талашпоо. Бала тынчтыкта, мээримге толгон үйдө чоңоюшу абзел. Бул анын кийин кандай инсан болоруна түздөн-түз таасир берет. Ал эми мамлекетте мыйзамдардын сөзсүз түрдө аткарылышы, кылмышкер өз жазасын алышы көзөмөлгө алынса жакшы болот. Биз ата-энелерге биринчи кезекте өзү менен иштөөнү сунуш кылабыз. Эгер бала тарбиялап жаткан ата-энеде маселе жок болсо, балдар үйдө жакшы тарбияланат. Жакшы тарбия, үй-бүлөдөгү тынчтык, жаркын келечегибизге жол ачат деп түшүнсөк болот.
— Кылмышка кандай адамдар барышат? Жакында Бишкекте дагы бир үрөй учурган кылмыш катталып, аны жаш эле жигит жасаганы аныкталды.
— Психологияда кылмыш – жөн эле мыйзам бузуу эмес, ал адамдын ички жараатынын кыйкырыгы деп айтылат. Муну башта да айтып өттүм. Көпчүлүк кылмышкерлер бала кезде зордук, кордук же мээрим көрүшкөн эмес болушат. Чөйрөсүндө таасирлүү окуяларга же ар кандай коомдук терс көрүнүштөргө күбө болуп чоңоюшкан балдардан да кылмышкерлер чыгышы ыктымал. Алар жаман окуяларга күбө болуп, алардын таасиринен улам дүйнөнү кооптуу деп кабыл алышат жана өзүн коргоо үчүн күч колдонууга үйрөнүшөт. Психологияда муну эмпатиянын жоктугу (башка адамдардын сезимин түшүнбөйт), ачууну башкара албай калуу (импульсивдүү, коомдук чектерди сыйлабайт) жана инстинкттин үстөмдүгү менен түшүндүрүшөт. Аларга көпчүлүк кезде социопатия, психопатия сыяктуу дагы башка диагноздор коюлушу мүмкүн. Бул көрүнүштөрдү, деги эле коомдо кылмыштуулукту азайтуу үчүн аларды жазалоо менен бирге жүрөктөрүндөгү жарааттарды айыктыруу керек. Кылмышка барган зөөкүр адамдардын калыптанышына үй-бүлө гана эмес, мектеп, достор, чөйрө, коом да таасир этет. Азыр агрессия күчөп кетти деп көп айтылууда. Агрессия адамдардын өз сезимдерин туура жеткире албагандыгынан, коомдогу басымдан улам күчөп жатат. Агрессиянын көбөйгөнү – стресстен, жашоодогу кыйынчылыктан, үй-бүлө ичиндеги түшүнбөстүктөн улам болот. Соцтармактарда да зомбулук көп, өсүп келе жаткан жаштар ошону көрүп көнүп жатат. Адамдар сезимин туура жеткире албай, ачуусун уруш аркылуу билдирип жатышат. Мындай абал чыңалууну жаратат. Биз тынчтыкты сүйүшүбүз керек.
Жазгүл Кенжетаева