Путин кыргызстандык аялды Достук ордени менен сыйлады

5-ноябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 78

Орусиянын президенти Владимир Путин кыргызстандык Зухра Шидакованы Достук ордени менен сыйлады. Сыйлык 4-ноябрда Кремлде өткөн мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу аземинде берилди.

Тиешелүү жарлыкка 22-октябрда кол коюлган. Шидакова чет өлкөлөрдө орус маданиятын сактоого жана жайылтууга кошкон салымы үчүн сыйлыкка татыган.

72 жаштагы Зухра Шидакова Кыргызстандагы Орус мекендештер уюмдарынын Координациялык кеңешин жетектейт. Ошондой эле «Ата-Журт» карачайлар эл аралык ассоциациясынын президенти, Кыргызстандын Эл ассамблеясынын кеңешинин төрагасынын орун басары жана Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер.

Сыйлык тапшыруу аземинде Владимир Путин чет өлкөлүк коомдук ишмерлердин Орусия менен гуманитардык жана маданий байланыштарды өнүктүрүүгө кошкон салымын белгилеген.

5-ноябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 78
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X