"Эркин-Тоо"

Расалык, этностук, улуттук, диний аймактар ​​аралык кастыкты козутууга шектүү тиктокер кармалды

Бишкек шаарында расалык, этностук, улуттук, диний аймактар ​​аралык кастыкты (жарашты) козутууга шектүү тиктокер кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, 2023-жылдын 2-майында Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан интернет мейкиндигине мониторинг жүргүзүү учурунда активдүү колдонуучу аныкталган. Анда көрсөтүлгөн аккаунтка талдоо жүргүзүү учурунда, колдонуучу бул баракчага системалуу түрдө улуттар аралык кастыкты козутууга, ошондой эле жарандардын улутка болгон мамилесине карата кемсинтүүнү пропагандалоого багытталган басылмаларды жайгаштырып турганы аныкталган.

Анын баракчасы колдонуучулар арасында кеңири талкууга, өлкө аймагында улуттар аралык чыр-чатакка алып келиши мүмкүн болгон карама-каршылыктарды жараткан.

Бул факты боюнча кылмыш-жаза кодексинин 330-беренеси (Расалык, этностук, улуттук, диний региондор аралык кастыкты козутуу) менен кылмыш иши козголгон.

Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө кылмышка шектүү катары жаран 1991-жылы туулган К.К. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Учурда тергөө иштери уланууда.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!