"Эркин-Тоо"

РОЗА АЙТМАТОВА: «МЕКТЕП ОКУУЧУЛАРЫ ЧЫҢГЫЗ ҮЧҮН ӨЗГӨЧӨ МААНИГЕ ЭЭ ЭЛЕ»

         Кыргыз элинин улуу  жазуучусу Айтматов тирүү болгондо быйыл 95 жашка чыкмак. Жазуучунун мааракесине жана жакында 12-декабрда өтө турган туулган күнүнө карата жер-жерлерде ар кандай маданий иш-чаралар тынымсыз өтүп жатат. Бишкектеги №13 мектепте “Манас жана Айтматов” аттуу иш-чара уюштурулуп, кечеге улуу жазуучунун бир тууган карындашы Роза Айтматова, Кыргыз Республикасынын Эл артисти Дарика Жалгасынова, бала кезинде Ак кемедеги Нургазынын ролун жараткан Нургазы Сыдыгалиев, Сейиттин ролун жараткан Насирет Дубашевдер конок катары чакырылышкан. Иш-чаранын алкагында Айтматов тууралуу докладдар окулуп, окуучулар кыргыз-англис тилдеринде Айтматовдун чыгармаларынан үзүндүлөрдү чебер сахналаштырып, ырларды окуп беришти. Андан сырткары окуучулардын демилгеси менен Айтматовдун чыгармачылыгы тууралуу шаар ичинде үч тилде ар улуттун өкүлдөрүнө сурамжылоо жүргүзүлгөн. Мектеп жетекчилигинин уюштуруусу менен Ата-Бейит мемориалдык комплексине, Айтматовдун бейитине барып гүл коюп, көзү өткөн улуу инсандардын арбагына зыярат кылып кайтышкан. Кечеге келген коноктордун ичинен улуу  жазуучунун бир тууганы Роза Айтматовага кайрылып суроо узаттык.

—  Улуу жазуучунун бир тууганы катары, Айтматовдун балалык кези тууралуу  эскере кетсеңиз…

—   Чыңгыздын бала кезинен эле башкача сезимтал, өзгөчө боорукер экендиги байкалып турчу. Бир ирет, анда атабыз бар эле, али кичинекей Чыңгыз эшиктен ыйлап кирип келиптир. Кирип эле » Ата, эшикте эки киши мушташып, бири-бирин сабап жатышат, аларды тезинен токтоштуш керек,” -дейт, көзүнүн жашын көл кылып. Атам сыртка чыгып урушуп жаткан эки адамды арачалап, кайра үйгө кирип, «Бул бала али кичинекей туруп мынча неге сезимтал, мынча неге боорукер, минтип жүрсө кийин кантип жашаар экен… Кантээр экен…» деп кейиптир. Чыңгыздын балалыгы да өзгөчө өткөн…

— Бишкектин борбордук аянтында улуу жазуучунун жападан жалгыз эстелиги коюлган эмеспи. Коомчулукта, «эстелик Айтматовдун элесин толук чагылдыра алган эмес» деген пикир бар. Сиздин көз карашыңызда эстелик купулга толобу?

— Мен эми, ал эстелик  боюнча эч кимге доомат кое албайм. Чыңгыз мага караганда элине жакын, элдин уулу десек да болот. Жакында Түркияда Чыңгыздын 95 жылдыгына карата иш чарага чакырылып, барып келдим. Түркияда абдан сонун эстелик коюлуптур, мына ошондо Чыңгыздын нагыз элеси даана чыгыптыр. Чыңгызга арнап китепкана ачышыптыр. Ал эми биздеги эстеликте балким анын жаш кезин жасашкандыр , бирок элдер Чыңгыздын жазуучу катары толук бышып, болуп-толуп турган убагын, кийинки кезин көргүсү келишет эмеспи…

               — Бүгүнкү 13-мектепте окуучулар менен биргеликте уюштурулган иш-чара жөнүндө ой бөлүшө кетсеңиз… Быйыл улуу жазуучубузга 95 жыл толгондугуна байланыштуу жолугушуулар арбын болуп жатса керек?

         — Бүгүнкү иш-чараны балдар менен биргеликте ушундай мыкты деңгээлде уюштургандыгы үчүн мектеп жамаатына, мугалимдерине ырахмат. Балдар дүйнөсү – өзгөчө дүйнө эмеспи. Бүгүн окуучуларды карап олтуруп, алардын талантына, дилгирлигине абдан ыраазы болдум. 2008-жылдын 12-майында агам менен акыркы жолу сүйлөшкөнүм эсиме түшүп жатат. Ал мага чалып: – “Мен Алматыдан чалып жатам, эртең Москвага учам, андан соң он алтысында Казан шаарына барам.  Роза, сенден бир өтүнүчүм бар эле. Он алтысында Казанда болушум керектигин унутуп, мен бир мектептин директоруна анын окуучулары менен жолугушууга келем деп убада берип коюптурмун (ошол жылы анын 80 жылдыгы белгиленип, Айтматов жылы деп жарыяланып, андай жолугушуулар өтө көп эле жана алардын баарына жетише албай жаткан) Сен түшүнөсүң, мен бул сапарымды кийинкиге калтыра албайм. А мектепте болсо балдар күтөт. Сенден сураныч, менин ордума ошол мектепке сен бар, сен ал балдардын суроолоруна жооп бере аласың” – деди. Чыңгыз Төрөкулович директордун аты-жөнүн, телефонун айтып берди. Агам өзүнүн ордуна ошол балдарга жолугуп келчи деп тапшырма берген күндөн баштап мен мындай жолугушууларга үзгүлтүксүз, дайыма барып анын чыгармачылыгын терең баамдаган окурмандары, күйөрмандары менен жолугуп, агамдын өмүрү, ишмердүүлүгү жана биздин үй-бүлөнүн тагдыры жөнүндө айтып бере турган болдум. Мага агам, ошондогу бир жолугушууга гана эмес, андан кийин дагы, анын көзү өткөн соң көп жылдарга тапшырма берип кеткендей болуп сезилет. Окуучу балдар агам үчүн өзгөчө окурмандар эле.

 

 

                                                  Махабат САИДРАХМАНОВА

№97 «Эркин-Тоо» гезити

2023-жылдын 8-декабры

 

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!