Рустам Абдугафуров, Кербен шаарынын тургуну: Президенттин ырайымы мага үмүт берди

27-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Аймак 324

Өткөн аптада Президент Садыр Жапаровдун Аксы районуна болгон иш сапары учурунда мамлекет башчысына Кербен шаарынын Рустам аттуу тургуну кайрылган. Ал бөйрөгү иштебей, гемодиализ алып жатканын, өзүнө донор боло турган иниси абакта отурганын айтып, ага ырайым берүүнү өтүнгөн. Президент анын өтүнүчүнө макулдугун билдирип, бир ай ичинде ырайым берүү маселесин чечүүнү тапшырган.

Биз кайрылуу жасап, учурда социалдык желелерде талкууга алынып жаткан Рустам мырза менен байланышып, ден соолугун, учурдагы абалын сурадык.

— Рустам мырза, ден соолугуңуз кандай? Президентке жасаган кайрылууңузду көрүп, абалыңызды сурап коёлу деп байланыштык. Өзүңүз тууралуу айтып берсеңиз.
— Менин атым Абдугафуров Рустам. 1979-жылы Кербен шаарында төрөлгөм. 2007-жылы кант диабети менен ооруп калдым. Ошондон бери дарыланып келем. Кийин оорум бөйрөгүмө да таасирин тийгизип, нефропатия пайда болду. Көздөрүм, буттарым да ооруй баштады. 2020-жылы бөйрөгүм кант диабетинин кесепетинен иштебей калды. Ошондон бери гемодиализ алып келем. Бөйрөгүмдү алмаштыруу үчүн Түркияга да барганбыз. Үч бир тууганбыз. Менден кийинки инимди донор болобу деп текшертүү үчүн алып барсак, андан да кант диабети табылды. Ошентип, тилегибиз ишке ашпай, кайра кайтууга туура келди.
Үчүнчү, кичүү иним болсо Россияда иштечү. Спорт менен машыгып, күзөтчү болуп эмгектенип, ата-энемди бакчу. Иним аскер кызматкери болууну самап, спартакиадаларга катышып, кикбоксинг менен машыккан. Бирок, ал тилектерине жетпей, экстремизм боюнча айыпталып, 12 жылга эркинен ажыратылды. Ага коюлган айып негизсиз болгон. Ошентип, иним жети жыл абакта отурду. 2025-жылы Президентибиздин жардамы менен аны Кыргызстанга экстрадиция кылдык. Азыр мага донор болууга ошол иним гана жарайт. Ошондуктан Президент Садыр Жапаровдон ырайым сурадым. Бактыга жараша, өтүнүчүмө макулдугун билдирди. Азыр кубанычымда чек жок болуп турат.

— Президентке кайрылганда, өтүнүчүңүз канааттандырылбай калышы мүмкүн деп ойлодуңуз беле?
— Негедир анын ырайым берерине ишенгем. Садыр Жапаров боорукер, адамгерчиликтүү инсан эмеспи. Менин абалымды түшүнөт деп ойлодум. Буга чейин да жазуу жүзүндө кайрылгам. Бирок, соттон терс жооп алган элем. Президенттин Аксыга иш сапары менен келерин угуп, мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, өзүнө түз кайрылууну чечтим. Ушул учурдан пайдаланып, өлкө башчысына терең ыраазычылык билдирем. Ага бекем ден соолук, иштерине ийгилик каалайм. Апам азыр күн сайын менин сакайышымды, инимдин абактан чыгышын тилеп отурат. Күндө көз жашы кылып жүрүп, ден соолугунан да ажырап бүтмөй болду. Атам да кант диабети менен ооруп, дүйнөдөн өтүп кеткен. Менин беш балам бар. Алардын дээрлик баары жаш, мектеп окуучулары. Балдарым менин колдоомо муктаж. Алардын келечеги үчүн да ден соолугумду чыңдап, бутума туруп кетсем дейм.

— Кайрылууңуз тартылган видео социалдык тармактарда кеңири тарап, коңшу мамлекеттерде да талкууланып жатат. Көпчүлүк Президенттин сизге көңүл бурганын колдоп, жакшы пикирлерин жазышууда.
— Ооба, социалдык тармактарга кирсем эле видеом тарап кетиптир. Мен өмүр бою видео тартып, элдин тойлорун, жакшылыктарын тасмага түшүрүп иштедим. Комментарийлерди окуп абдан кубандым. Көптөрү: «Рустам байке биздин тоюбузду тарткан эле», — деп жазып жатышат. Мени таанып, жакшы сөздөрүн айтып жаткандары жүрөгүмдү жылытты. Президентке ыраазычылык билдиргендер да көп экен. Ден соолугума байланыштуу учурда үйдө отурам. Жумасына эки жолу Ала-Бука районуна гемодиализ алууга барып келем. Жол киреге да бир топ каражат кетет. Жакындарым, досторум, классташтарым жана жергиликтүү бийлик колдон келишинче жардам берип жатышат. Мен андыктан Президенттен гемодиализ борборун ачуу маселесин көтөрүп, жардам сурадым. Буга чейин демөөрчүлөр келип, борбор куруп беребиз дешкен. Бирок канализация маселеси чечилбей, долбоор ишке ашпай калган. Менин саламаттык сактоо министрлигине сунушум бар. Райондук оорукананын аймагында бош жер бар. Ошол жерге гемодиализ борбору курулса, абдан жакшы болмок. Биздин аймакта бул дарты менен жабыркагандар көп. Борбор ачылса, бейтаптар үчүн чоң жеңилдик болмок. Азыркыдай алыс жол жүрүп, убара тартпай, өз аймагыбыздан дарыланууга мүмкүнчүлүк түзүлөт эле.

Жазгүл Кенжетаева

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X